МУХАММЕД КЫРГЫЗДЫН (ТАГАЙ БИЙДИН) КЫРГЫЗДАРДЫ БИРИКТИРИШИ

ХV-ХIХ кк. кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Моголстанда жана Казакстанда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. XV к. тартып, Ала-Тоонун аймагы Кыргызстан катары туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу башчылары моголдорго баш ийбей, иш жүзүндө өз аймагын башкарууну өз колдоруна ала башташкан. Казакстандын батыш тарабында калааларда жашаган көчмөн өзбектердин ордолору Амир Темир негиздеген мамлекеттин алсыраганынан пайдаланып, ага кол салып, толук ээлеп алышкан. Алтын Ордонун чыгыш тарабындагы көчмөн уруулар XV-XVI кк. Өзбек хандын атынан улам «Өзбек» деген ат менен белгилүү болушкан. Шейбани хандын колун түзгөн көчмөн өзбектер Амир Темирдин урпактарынан бийликти тартып алган.

Амир Темирдин урпагы Захириддин Бабур (1483-1630жж.) өзбек көчмөндөрүнө башкалардан көбүрөөк каршылык көрсөткөн.

Бабур көчмөн өзбектер менен кармашып, аларды нечен ирет женип чыккан. Самарканд нечен жолу колдон колго өтүп, акыры 1504-ж. өзбектер Бабурду женип, биротоло кууп салышат. Ал Ысар (Гисар) тоолору аркылуу Афганстанга (Кабулга) кетет. Ал жакка анын артынан Орто Азиянын ар бурчунан өзбектердин Шейбани бийлигине кызмат өтөөнү каалабагандардын баары келе берген, Күч топтоп алып Бабур Кабулдан Түндүк-Батыш Индияга (1510-ж. баштап) жортуул жасап, акыры жеңишке жетишип, ал жерде (1526-ж.) Улуу Моголдор империясын негиздеген. Бабур 1493-1529жж. окуяларды камтыган мемуардык «Бабур-наама» деген китеп жазган. Бул китепте Бабурдун өмүр баяны, Орто Азиядагы, Афганстандагы, Түндүк Индиядагы тарыхый окуялар жөнүндө чындык жымсалданбай ачык жазылган. Мында Кыргызстандын саясий тарыхына байланыштуу маанилүү маалыматтар да бар. Андан тышкары Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген кыргыз уруулары тууралуу айтылат. Моголстан мамлекетинде ханзаадалардын ортосунда так талашуу күч алат. Ушул учурда Моголстандын түндүк тарабын кыргыздар ээлеп алат. Мухаммед Хайдар: «Кыргыздардын айынан Моголстанда моголдордон бир да жан калган эмес» деп жазган. 1514-ж. могол хандарынын бири Султан Саид хан Кашкарды басып алып, мырза Абу-Бекрдин бийлигин жок кылган. Бул күрөштө ага Мухаммед Кыргыз зор колдоо көрсөткөн.

Ички ырк кетүүдөн жана тышкы душмандардын хесепетинен ыдырай баштаган Моголстандын аргасы түгөнгөн кезде Мухаммед Кыргыз кыргыз урууларынын башын бириктирген. Ал кыргыз уруулары менен уруктарынын биргелешкен күчтөрүн чындоого, кыргыздардын этностук аң-сезиминин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Мухаммед Кыргыз (санжырада Тагай бий деп айтылат) азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыз урууларынын «оң» жана «сол* канаттарын биринчи болуп бириктирип, бекемдеген. Ал 1508-ж. ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн. Ушундан кийин ага Мухаммед Кыргыз деген ысым ыйгарылган. Мухаммед кыргыз урууларынын биригишинин келечегин көрө билип, тышкы алаканы да ошого ынгайлаштырган. Могол хандары Кыргызстанды жана Казакстандын түштүк-чыгыш аймактарын басып алууга аракеттенип жатканда Мухаммед аларга каршы өзүнө шпенимдүү союздаш боло турган казак султандары менен ымала түзө баштайт. Ошондуктан Сыр-Дарыянын жээгандеги шаарларды, ошондой эл Орто Азиянын отурукташкан аймактарын ээлеп алууга аракеттенген. Шейбанилерге каршы аттанган казак султандарынын жортуулдарында кыргыздар Мухамеддин жетекчилиги менен актнвдүү катышат. Кыргыз кошуундары Түркстан, Сайрам, Ташкент, Анжиян, Аксы ж. б. жерлерге чейин жеткен. Түркстанга жортуулдун убагында ал өзбектердин ханзаадасы, ал убакта Самаркандда акимдик кылып турган Кучкунчи хандын уулу Абдулланы колго түшүрүп алып, бирок кайра бошотуп жиберген. Бул Султан Саид хан үчүн кыргыздарды чаап алууга шылтоо болгон. Моголдор ханы кыргыздарды 1517-ж. басьгп кирген. Анда Мухаммеддин ордосу Ысык-Кллдүн түштүгүндөгү Барскоон деген жерде болгон. Кармашта кыргыздардын колу талкаланып, Мухаммед колго түшүп, Кашкарга алып кетишет. Бирок ал абакта көпкө деле кармалган жок. Саясий абалды салмактап туруп, Саид хан аны 1518-ж. бошотуп, 1522-ж. өзүнүн уулу Абдар Рашид менен кошо мекенине жөнөтүп жиберет. Ала-Тоо аймагына келгенден кийин Мухаммед кайрадан кыргыз урууларына башчы болуп, моголдорго каршы ого бетер күч топтой баштайт. 1524-ж. кыргыздардын жергесине (Кочкорго) казактардын ханы Тахир келет. Моголдорго каршы Мухаммед аны менен ымала түзөт. Аны билип калып, Султан Саид 1525-ж. Мухаммедди карматып, Кашкарга алдырып, үй түрмөдө кармайт. Ал жерде ал (1533-ж.) хан өлгөнгө чейин болот. Мухаммед Кыргыз баш аягы 14 жыл чет жерде камакта болгону менен эли менен байланышын үзбөй, көздөгөн максатынан баш тарткан эмес.

Ошентип, Могол хандарынын Түндүк Кыргызстанды зэлеп алууга жасаган аркеттери ишке ашкан жок. Кыргыздар казактар менен биргелешип, өз эркиндигин коргой алышкан. Султан Саиддин мураскери Абд аль-Рашид бийликте турганда (1533—1560-жж.) Шейбанилер менен бирге кыргыздарга жана казактарга каршы бир нече жортуул жасайт. Бирде жеңип, бирде жеңилген кыргыз-казак кошуунун Хак-Назар (Касымдын уулу, Тахирдин иниси) башкарган. Андан кийин казактардын колун Тахирдин бир тууганы Буйдаш хан башкарат (1560-ж. чейин). Эркиндик үчүн күрөпггө кыргыз урууларынан куралган жоокерлер да өзгөчө өжөрлүк менен салгылашкандыктарын баяндаган тарыхый даректер арбын.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор