МЫРЗА ГАПАРОВ

ГАПАРОВ  Мырза (1936, Ноокат р-ну  –  2002, Бишкек ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1962-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 2002-ж. чейин чыг-лык ишке байланышы бар ар түрдүү  кызматтарда эмгектенген. Чыг-лык жолу 50-жылдары башталган. Г-дун алгачкы аңгемелери «Сырдуу окуя” (1956), «Бөтөн таканын изи” (1958) жазуучулук кесипке багыт алгандыгын белгилөөчү фактылык маалымат катары, ал эми анын алгачкы «Мейман” (1962) аттуу жыйнагы жазуучунун кыргыз балдар адабиятына кошкон кичине салымы, «чоң турмушка” аралашаар алдындагы старт аянтчасы катары карасак болот. Жазуучунун жеке  өзүнө  таандык индивидуалдуу чыг-лык чыйырынын чыныгы башталышы  –  бул анын «Турналар жазда келишет” (1962) аңгемеси. Аңгеменин сюжети башкы каармандар Азиз м-н Разиянын диалогунун негизинде курулган. Алар бактылуу балалыктын, алгачкы сүйүүнүн, алгачкы таарынуу м-н алгачкы жаңылуунун «изи” калган  өзүлөрүнүн  өткөн чыйыр жолун эскеришкен. Аңгемедеги  үйдөн мектепке чейинки чыйыр жол бара-бара ойку-кайкы турмуш жолунун символикалуу образына айланган. «Турналар жазда келишет” повестиндеги Азиз м-н Разия сыяктуу жаркын мүнөз, романтикалуу табияттагы каармандарды жазуучунун кийинки чыгармаларынан да кеңири учуратабыз. Алар «Кара-Көлдүн каздарындагы” уккан «кишинин жүрөгүн туйлатып, аны кыялданууга, өткөн өмүрүнүн жакшы учурларын эстөөгө чакырчу” чоор күүсүн ойноочу Карамшо абышка; «Дарыянын шоокумундагы” Ормон, Дервиш ж. б. Адамдарга жакшылык кылууну жашоосунун маңызы деп түшүнгөн дагы толуп жаткан каармандар. М. Г-дун жазуучулук манерасына курулай дидактизм, акыл-насаатчылык мүнөздүү эмес. Адамдын психол. абалын сүрөттөө  жагынан М. Г. чоң  чебер. Ал окуяга кызыкпайт, анын аңгемелеринин негизин адамдын маанайы, ички дүйнөсүндөгү  кубулуш, ал-абал түзөт. «Кара-Көлдүн каздары” аңгемесинде жазуучу Карамшо аттуу карыянын муңайым бир кечин сүрөттөйт. Г-дун романтикалуулук м-н реалдуулукту өтө ийкем жуурулуштуруп, чебер пайдалануусунун натыйжасында аңгемедеги максаттуу жашоо кызыкчылыгынан кечкен карыянын кунарсыз жашоосунан да керемет кооздукту көрө алабыз. Абышка романтикалуу чыгыш поэзиясындагы ак сүйүүнүн азабынан жер кезип тентип кеткен дербиштердин элесин эске салат. Ушундай эле 1963-ж. жарык көргөн «Эки ирет гүлдөөчү алмалар” аттуу аңгемесинде да мү-нөздүү. Мында ата-энеси ажырашып кеткен Сардал аттуу баланын мурдагы бактылуу турмушуна, жылына эки ирет гүлдөгөн алма багы бар  өз  үйүнө  болгон кусалыгы сүрөттөлгөн. Ошондой эле 1963-ж. жарык көргөн жазуучунун «Газала” («Карача торгой”) «Унутулган сокмо жол” аңгемелери, «Наташанын биринчи балы” (1966), «Байчечек” (1980), «Жол кырсыгы” (1980), «Айгүл тоо” (1985) аттуу мыкты аңгемелери  бар. Жетимишинчи жылдар М. Г-дун чыг-лыгындагы повесть ж-а киноповесттердин он жылдыгы болду. Жазуучу 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку сценардык курстун угуучусу болгон. 1968-жылы «Көчө” аттуу киносценарийин жазат. Киносценарийдин негизинде көркөм фильм тартылган. Мындан кийин анын «Сүйүүнүн кайыгы” (1970), «Күнөстүү арал” (1973), «Кызыл беде” (1978), «Нойгуттун кызын издеп” (1983), киноповесттери ж-а «Кыштакча” (1973), «Дарыялардын шоокуму” (1979) аттуу повесттери жазылды. 1974–1984-ж. Ош обл. драм театрдын адабий бөлүм башчысы болуп эмгектенет. Кызмат абалына жараша театр иск-восуна жакындан аралашып, анын спецификалык өзгөчөлүгүн тереңдеп өздөштүрүүгө  туура келет. Театрдын репертуарын жаңылоо, толуктоо ниетинде жазуучу «Сүйүүнүн кайыгы” («Кадыр түн”),  «Күнөстүү  арал”, «Дарыялардын шоокуму” повесть, киноповесттерин сахнага ылайыктап иштеп чыккан. 60- 71 жылдары Г. драматург катары «Биздин  үйдүн Карлсону”, «Разияны эскерүү”, «Жамгырлуу түндүн жомогу”, «Чагылгандын ташы”, «Темир корук”, «Туздуу чөл” аттуу пьесаларын жараткан. Жазуучунун драмалык чыгармаларында да, албетте, анын жалпы чыг-лыгына таандык идеялык эстетикалык табиттин катышы сөзсүз. Автордун кийинки, кайра куруу мезгилинде жазылган «Темир корук” (1987), «Туздуу чөл” (1999) драмалары  өз учурунун курчуган көйгөйлүү проблемаларын чагылдырууга арналган. Анда адамдардын бири-биринен жатыркоосу, кайдыгерлик, паракорлук сыяктуу көрүнүштөр көркөм чагылышка ээ болгон. Бирок мында да автордун оптимисттик, гуманисттик ишеними үстөм абалда.

«Туздуу чөлдүн” Дамин, Рабия сыяктуу каармандары  өздөрүнүн соопчулук мүнөздөгү  иштери м-н жан дүйнөсү жабыркап катаал тарткан, ишенимин жоготкон адамдарга жакшылык жасап, жардам көрсөтүп, кароолонуп калган адамгерчиликтин билигин тазалап, жарык кылгылары келет. Жыйынтыктап  айтканда, Г. көр-көм сөз зергери катары чыгармаларын идеялык-эстетикалык жактан ийине жеткирип иштөө үчүн көп эмгек эткен, кыргыз адабиятында бараандуу орду бар жазуучуларыбыздын бири.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ