ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ

ИБРАЕВ Эсенгул (1934-ж. т., Нарын р-ну) – акын, сатирик Кыргыз эл акыны. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмери (1994). Нарын педагогикалык окуу жайын (1952), КМУнун журналистика факультетин (1961) бүтүргөн. Ырлары, сатиралары 1952-жылдан баштап жарыялана баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-ж. жарык көргөн. Андан бери «Таң шоокуму» (1968), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. 20дан ашык ыр китептери чыккан. 1994-ж. Ибраев  Эсенгул кыргыз окурмандарына мыкты сатирик катары таанымал. Акындын «Таң шоокуму” жыйнагында «Качып кетиптир”, «Балпык”, «Эчак толтурмак экен”, «Иттигим бар”, «Антерин го антемин”, «Чала ошого чала”, «Профессор болмок” ж. б. сатиралык ырлары кирип көбүнчө бул ырларда турмуштук социалдык темага кайрылып, негизги идеясы көралбастыкка, ичкиликке же Райкандын тили м-н айтканда «жинди сууга” каршы күрөшүү болгон. 1970-ж «Ичиң күйсө” деген ат м-н акындын кезектеги сатиралык ырлар, 15 тамсил, 18 эпиграмма кирген. Сатираларында кызмат абалынан пайдаланып, өз керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн мансапкор, жегичтерди «Шоорук”, «Ошент”, элди алдаган эки жүздүү калпычынын жийиркеничтүү жүзүн «Калпычы”, директорунун атасы өлсө өз атасы өлгөндөй боздоп ыйлаган кошоматчыны «Суусун жуткурду”, куру курсактын айынан өз балдарынын бактысына балта чапкандары «Таштанды” сатиралык ырларында аёосуз мурчтуу сөздөр м-н сынга алган.
Сатира м-н ирония о. эле тамсилдин башкы сапаты акындын «Ичиң күйсө” аттуу жыйнагында «Кене менен боз борук”, «Тиш менен бүйлө”, «Арпа менен чырмок” ж. б. кийинчерээк чыккан «Эңсөө” жыйнагында «Үпүп башкарма”, «Коңуз менен кумурска”, «Ала кой менен кара кой”, «Балапан”, «Көрүүдөн калган көз”, 1984-ж. жарыяланган «Белес” жыйнагында «Мурундун сөзү”, «Демилгечи түлкү”, «Ооз менен калемпир” ж. б. тамсилдеринде типтүү образды түзүү үчүн аллегориялык ыкманы чебер пайдалана билгенин байкоого болот. Акындын тамсилдери ар кандай тематикада, ар түрдүү багытта жазылган. Мунун баары тең биз жашап жаткан коомдогу адамдардын жат элементтерине каршы элдешпес күрөшүү, алардын маскаралуу жүзүн ачуу автордун ыйык парзы.  Эсенгул Ибраевдин адамчылыкка, жатып ичер жан бактыларга, кошоматчыларга, өзүмчүлдөргө, бюрократтарга, элди алдаган мамлекеттик ишмерлерге арналып ар кыл тематикада жазган тамсилдери биздин азыркы өткөөл турмушубуздагы бүтпөс түйшүктөрдү кучагына алат. Мына ушундай жаңы заман шартына жараша жаңы тема, жаңы идеяларды чагылдырууда Э. Ибраевдин талбай эмгектенип келе жатканын анын «Эсенгулдун ырлары жыйнагындагы «Керкашка менен Суркашка” деген тамсилинен да көрөбүз. Тамсилде Керкашка менен Суркашканын аллегориялык образы азыркы биздин өткөөл мезгилде эң бир актуалдуу орунду ээлеп келе жаткан «шайлоо” темасына кайрылган. Ибраев балдар адабиятында да жемиштүү эмгектенип, бир нече китеби басылып чыккан. Ибраевдин поэзиясы жайдары руху, тилинин жатыктыгы, ыргактуулугу, ойдун тереңдиги м-н айырмаланган. Ал Фет, Маяковский, Гамзатов, Кулиев, Винокуров ж. б. чыгармаларын которгон. Анын айрым чыгармалары немис, поляк, орус, украин, казак, өзбек, түркмөн тилдерине которулган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ