НОЭЗИС ЖАНА НОЭМА

НОЭЗИС ЖАНА НОЭМА (гр. noesis — ой, noema — маани) — Гуссерль тарабынан болжолдонгон маанини ж- а анын негизинде кабыл алынып жаткан нерселердин маанилик биримдигин түзүү иш-аракетин белгилөө үчүн колдонгон терминдери. Маанини түзүү иш-аракеттери нерсенин мүнөзүн аныктоого багытталган. НУРОВА Саида Сулеймановна — (1939-ж. т., Казак Респ-нын Алматы обл., Чоң Аксуу айылы) — философия илимдеринин кандидаты (1969), социологиялык илимдердин доктору (1995), профессор. КМУну бүтүргөн (1961). Ал эмгектеринде социологиялык изилдөөнүн конкреттүү материалында аз калктын (дунгандар, уйгурлар, цыгандар, сарткалмактар) арасындагы улут аралык мамилелер ж-а өзгөчөлүктөр, андан сырткары СССР ж-а Кыргызстанда тоталитардык системанын мезгилинде тил маселелери ж-а улут саясаты проблемасын окуп үйрөнүү маселелерин чечмелөөгө аракет жасаган. СССРдин Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги. Кыргыз Респ-нын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1987). 90дон ашык илимий эмгектердин, анын ичинен 1 монографиянын, 2 окуу куралынын автору. Нег чыг: “Духовное в образе жизни”. Алматы. КазГУ, 1994; “Социологическое исследование в библиотечном деле” Методологическая разработка Бишкек 2000; “Актуальная задача эстетического воспитания”, Фр., 1989. ж. б.