ОРУС ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН КОЛОНИЯЛЫК САЯСАТЫ

Жаңы каратылган жерлерге Россиянын саясий башкаруу системасы киргизилген. Падыша өкмөтүнүн башкаруу системасы Түндүк Кыргызстандын каратылышы менен, т. а. XIX к. 60-жж. эле киргизиле баштаган. Россия дөөлөтүн алгачкы тааныган кыргыз уруулары Батыш Сибирь генералгубернаторлугуна караштуу Семей областынын Ала-Тоо округуна киришкен. 1865-ж. февралда Арал деңизинен ЫсыкКөлгө чейинки зор аймакты камтыган Түркстан областы түзүлгөн. Ага Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрү, кийинчерээк Борбордук Теңир-Тоо карал калган. Түркстан областынын алгачкы аскер губернаторлугуна генерал М. Г. Черняев дайындалып, ал аскердик жана граждандык бнйлик жүргүзгөн.

1867-ж. область Түркстан генерал-губернаторлугуна айланат да, анын чегинде Сыр-Дарыя (борбору Ташкент) жана Жети-Суу (борбору Верный) областтары түзүлөт. Жети-Суу областынын аскер губернатору болуп Г. А. Колпаковский дайындалган. Областтар уездерге бөлүнгөн. Өз кезегинде уезддер болуштуктарга бөлүнүп, аларга айылдар караган. Болуштуктар эки, үч миң түтүңдөн, айылдар жүз-аки жүз түтүндөн турган. Болуштуктардын башкаруучулары болуштар болуштуктун съездинде, ал эми айыл башчылары старчындар айылдык чогулушта шайланышкан. Кокон хандыгы жоюлган соң анын аймагында Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана областы түзүлүп, анын башына генерал М. Д. Скобелев дайындалгандыгын билебиз. 1886-ж. тартып «Түркстан чөлкөмүн башкаруу жөнүндө Жобо» күчүнө кирет да, Түркстан генерал губернаторлугу Түркстан крайы атальш, анын караыагына Самарканд, Сыр-Дарыя жана Фергана обласгтары кирген. Жети-Суу областы болсо 1882-ж. Степной генерал-губернаторлугуна кошулган. 1899-ж. ал кайрадан Түркстан крайына караган.

Падыша өкмөтүнүн аймактык-административдик бөлүштүрүү саясатынын натыйжасында кыргыз жери Токмок, Ысык-Көл, Олуя-Ата, Ош, Анжиян, Наманган, Маргалаң (Скобелев), Кокон, Кожент өндүү ар кайсы уезддердин карамагында турун, бул уезддер өз кезегннде Сыр-Дарыя, ЖетиСуу, Самарканд, Фергана областтарына караган.

Кыргызстандын калкы 73 болуштукка бөлүнүп, аларды 3 жылдык мөөнөткө шайланган болуштар менен старчындар башкарган. Кыргызстанда башкаруу жарым-жартылай аскердик мүнөздө болгон. Областтар менен уезддердин башында падыша офицерлери, участкалык приставдар турган. Алардын көзөмөлү менен жергиликтүү манаптар, байлар болуштукка же старчындыкка шайланган. Кийинчерээк аскер губернатору кааласа шайлоо өткөрбөй эле болуш, старчьгадарды дайындоо укугуна ээ болгон. Болуштар падышалык чиновниктердин буйруктарынын аткарылышына, алык-салыктардын өз убагында жыйналышына көзөмөлдүк кылган. Старчындар болсо болуштарга баш ийип, алардын көрсөтмөлөрүн аткарган. Жергиликтүү бийликти жүргүзүүгө булардан тышкары айыл аксакалдары, бийлер жана казылар катышышкан.

Башкарууда шайлоо тартибинин киргизилиши менен байманаптык бийликтин укумдан-тукумга мурас катары өтүшү токтотулган.

Падыша өкмөтүнүн колонизатордук саясаты Кыргызстандагы жер маселесин чечүүдөгү аракетинен өзгөчө байкалган. Россиянын Борборук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга, көз артышынын негизги себептеринин бири Россиянын борбордук бөлүктөрүнө батпай калган дыйкандарды бул жакка көчүрүү болгон. Кыргызстан Россияга каратылгандан баштап эле бул жакка келгин дыйкандар көчүп келе баштаган. Жаңы келген дыйкаядарды жайгаштыруу боюнча атайын башкармалыктар түзүлүп, изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Падыша бийлиги ооп келген орус, украиндерге дыйканчылыкка өтө ыңгайлуу, өзөн-суусу мол өрөөидөрдү, ойдундарды, негизги жолго жакын жерлерди жергиликтүү калктан тартып бере баштаган.

Келгин дыйкандарга жерди кесип берүүдө кыргыздардын кызыкчылыктары такыр эске алынган эмес. Алсак, 18681883-жж. Жети-Суу областында уюшулган 36 орус-украин кыштактарындагы 2,5 мин түтүн негизинен Сары өзөн Чүйдө, Ысык-Көлдүн айланасына жайгашкан. Падыша өкмөтү бул аймакта өз бийлигин келечекте бекем колдой турган дыйкандардын бай катмарларын көбөйтүүгө аракеттенген. Ушул максатта, адегенде ар бир дыйканга 30 десятинадан (1 десятина -1,2 га) жер бөлүп берип, аларды 15 жылдык мөөнөткө салыктан жана аскер кызматынан куткарган. Мындан тышкары аларга акчалай жардам берилген. 1890-жж. орус дыйкандарынын көчүп келүүсү өзгөчө күчөп кеткен. Буга 1892 -1898-жж. Борбордук Россиядагы ачарчылык да түрткү болгон.

1896-ж. Пишпек жана Пржевальск уезддеринде эле 26 орус кыштактары пайда болуп, 80-жж. салыштырмалуу келгиндердин саны эки эсеге көбөйгөн.

XIX к. аягында орус дыйкандары Түштүк Кыргызстанга да келе баштагая. Бул жакта алгачкы орус кыштактары 1893ж. Покровка жана Ош уезддеринде негизделген.

Орус дыйкандары менен катар эле кытай феодалдарынын эзүүсүнөн качкан дуңгандар менен уйгурлар 1887-1884жж. Кыргызстанга келишкен. Аларды да Фергананын, ЫсыкКөлдүн, Чүй өрөөнүн дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерине отурукташтырууга туура келген. 1882-ж. Кытай менен Россиянын ортосундагы жаңы чек ара Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу такталгандан кийин сарт калмактар эски журтунда эки жыл жашашкан. 1884-ж. Жогорку Или чөлкөмүндө жашаган сарт калмактардын (алар өздөрүн өлөттөр дешкен) 200 түтүндөн турган айылы кытайлыктарга баш ийүүдөн баш тартышып, Ысык-Көлдүн башына көчүп келишип, Бөрүбаш, Челпек, Ташкыя кыштактарын негиздешкен.

Дыйканчылыкка жарактуу сугат жерлери жетишпегендиктен жана кыргыздардын нааразычылыгынын күчөшүнөн чочулаган падыша өкмөтү 1896—1906-жж. орус дыйкандарынын Түркстанга көчүп келүүсүнө тыюу салган. Ошого карабастан XX к. башында борбордук губерниядан дыйкандардын өз бетинче көчүп келүүсү күчөгөн. Алар көбүнчө Жети-Сууга т. а. Түндүк Кыргызстанга ооп келе баштаппсан. Алсак, 1902-ж. эле бул областка 2,7 миң үй-бүлө келген эле.

Алардын 1,2 миң түтүнү Пишпек уездине отурукташкан. 19051907-жж. биринчи орус революциясы башталганда падышалык өкмөт борбордук губерниядагы дыйкандарды тап күрөшүнөн оолактатуу максатында алардын Түркстанга кечүүсүнө кайрадан уруксат берген. Аларды жайгаштыруу үчүн атайын Жети-Суу жана Сыр-Дарыя келгиндер району түзүлгөн. 1906-ж. карата Жети-Сууда 40 миц, Сыр-Дарыя областында 27 мин, Ферганада 4 мин келгин дыйкак топтолгон.

Кыргыздардын жерин тартып алуу айрыкча Столыпиндин агрардык реформасынын кийин өзгөчө күч алган. 1906-ж. Түркстан аймагында 77 мин келгин дыйкандар болсо, анын 40 мини Жети-Сууга, 27 миңдейи Фергана областына байыр алган. Алардын 83 проценти кыргыз-казактардын жерине отурукташкан. Мисалы, 1907-ж. Жети-Суу областында 289 миң теше жер келгин дыйкандарга бөлүштүрүлгөн. 1914-ж. карата бул областтын жергиликтүү калкы 4 млн тешеден ашык жеринен кол жууган. Ал эми Фергана областында 762 миң теше жерди кыргыздардан тартып алуу белгиленген.

Жергиликтүү калктан тартылып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн падыша өкмөтү 1891-ж. атайын «Талаа жобосун» иштеп чыккан. Ал боюнча кыргыздар көчүп-конуп жүргөн жерлердин баары мамлекеттик делип эсептелген. Бул «жобо» боюнча кыргыздардын айдоо жерлери, ал тургай жайыттары да каалаган учурда тартылып алынмак. Мындан жалпы эл, дыйканчылык менен кесип кылган карапайым калк өзгөчө жапа чеккен. Кыргыз дыйкандарынын эптеп күн көргөн айдоо жерлери анча-мынча там-ташы, кыштоолору короо жайлары менен кошо тартылып алынып, өздөрү айдоого жараксыз жерлерге сүрүлгөн.

Кыргыздар орус мамлекетине каратылгандан кийин адегенде Кокон хандыгына төлөгөн салыктар сыяктуу салыктарды төлөп турган. Кийинчерээк салык алуу жергиликтүү шарттарга жараша кайрадан иштелип чыккан. Бул боюнча көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип кылган кыргыздар түтүн башына 2 сом 75 тыйындан салык төлөөгө милдеттендирилген. Жер мамлекеттики деп эсептелгендиктен жайылган койдун туягынан 3 тыйын, жылкыдан — 30, төөдөн— 50 тыйын салык алынган. 1882-ж. салыктын көлөмү өсүп туруп, дүйнөлүк биринчи согуштун учурунда 15 сомго чейин көбөйгөн.

Отурукташкан калк салыктын эки түрүн төлөгөн. Эгин аянттарынан хараж салыгы алынып, бак-дарак, мөмө-жемиш тигилген, жашылча өстүрүлгөн жерлерге танаптык (танал аянтты өлчеөнүн бирдигн) салык салынып турган. Хараж түшүмдүн 10 пайызына барабар болуп натуралай төлөнгөн. 1886-ж. танаптык салык салуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул боюнча танаптык салык оброк салыгы делип аталып, жердин иштетилген же иштетилбегенине карабастан айдоо аянттарыныи бардыгынан салык алынган. Мындан падыша өкмөтү кыйла көп пайда таба баштаган. Падыша өкмөтүнүн алык-салык саясаты калктын турмушун оорлотуп, жакырлануусун ого бетер күчөткөн.

Падышачылык өкмөттүн салыгынан тышкары жергиликтүү бай-манаптар патриарх алдык-феодалдык салтка ылайыктап карапайым букарадан мал жыйгандыгы үчүн чөп ооз,       манаптарды сыйлоо үчүн чшьш, мал жана эгин түрүндө журтчулук, феодалдын тамак-ашы үчүн союш, байдын жеринен мал айдап өткөндүгү үчүн — туяк пул, бал-манаптардын аш-тойлорун өткөрүш үчүн кошумча ж. б. салыктын түрлөрүн чогултушкан. Жергиликтүү чиновниктердии элден пара алышы адаттагы көрүнүш болуп калган.

Жергиликтүү карапайым калктын падышачылыктын колонизатордук саясатынан көргөн кордугу, жергиликтүү байлардын жана манаптардын эзүүүн аларга кошумча болушу эзилген элдин нааразычылыгынын өсүшүнө түрткү болгон.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор