ОТЧЁТ

Пландаштырылган иштердин, берилген тапшырмалардын аткарылышы,
кызматка жана илимий изилдөөгө байланыштуу иш сапарлардын жыйынтыгы
тууралуу иш кагазы отчёт болот.
Отчёт кызматкер же жооптуу комиссиянын төрагасы (мүчөлөрү) тарабынан жетекчинин наамына жазылат. Отчётто аткарылуучу иш, аны аткарууда
эмнелерге көңүл бурулганы, эмнелер аткарылбай калганы, кандай кемчиликтерге жол берилгени, эгер иш аткарылбай калса, аткарылбай калышынын себептери, кемчиликтерди жоюунун жолдору сунушталат.
Мазмуну боюнча отчёт мезгилдүү иштер, иш сапары жана атайын тапшырма отчёттору болуп бөлүнөт.

 

ҮЛГҮ:

 

Бишкек шаардык № 3
китепкананын балдар адабияты
бөлүмүнүн 2011-жылга
пландаштырылган иштеринин
аткарылышы жөнүндө

О Т Ч Ё Т

Биздин фонддо 1000ге жакын автордун калемине таандык, 8 миңден ашык
балдар үчүн жазылган ар түрдүү жанрдагы китептер бар. Фонд жаңы чыккан
китептер менен толукталды. Анын ичинде балдар адабияты боюнча котормолор да
бар. Жаңы алынган китептердин тизмеси тиркемеде берилди.
Жылдык планыбызда каралган иш-чаралар өз убагында өткөрүлдү. Балдар
жазуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, белгиленген темада талкуулар
болуп өттү. Бардык жолугушуулардын программасы отчётко тиркелди.
Бардыгы болуп жыл ичинде 5 миңге жакын окурманга сапаттуу кызмат көрсөтүлдү.
Китепканачыларыбыз пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышып, жогорку уюшкандыкты көрсөтүштү.
Кээ бир кызматкерлерибиздин жылдык жыйынтык чыгарууда моралдык жана
материалдык сыйлыктарга көрсөтүлүшүн жетекчиликтен сураймын.
Тиркемелер:
1. Балдар адабияты бөлүмүнө жаңы алынган китептердин тизмеси;
2. Уюштурулган иш-чаралардын тизмеси жана программалары.

Бөлүмдүн башчысы А. Жумалиева
25.12.2011