ОҢЧУЛДАР ЖАНА СОЛЧУЛДАР

ОҢЧУЛДАР ЖАНА СОЛЧУЛДАР (саясатта) – европалык классикалык салтка тийиштүү түшүнүк. 1789–93-ж. Улуу  Француз буржуазия революциясы жана ал түзгөн парламентте пайда болгон. Себеби парламенттин заседаниеси болуп  атканда күрөшүп жаткан күчтөр залда төмөнкүдөй орун алышкан: сол тарапта – революционерлер, борбордо – олкусолку болгондор жана алардын жактоочулары, оң тарапта – монархияны сактап калуу же аны кайра калыбына келтирүү  позицияларында турган консерваторлор болгон. Буржуазиялык коомдун орношу жана өнүгүшүндө “оңчул-солчул»  түшүнүгү белгилүү өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Дүйнөлүк саясат таануу илиминде солчулдар деп бекем орнотулган  капиталисттик түзүлүштү сынга алып, саясий өзгөрүүлөр, өндүрүштү социалдаштыруу үчүн чыгышып, эмгекчилердин  кызыкчылыктарын коргогондор айтылса, оңчулдар деп буржуазиялык мамлекеттүүлүктөн жана жеке менчик  принциптерин жактоочулар айтылат. Өткөн кылымдын 60–70-ж. тарыхый аренада «жаңы солчулдар» деп аталган саясий  күчтөр пайда болду. Алар «эски» солчул күчтөрдүн теория жана практикасын сынга алып чыгышты. Алардын ою  боюнча «эскилер» революциячыл потенциалын жоготуп, боштондукка чыгаруу процессинин кыймылдаткыч күчү  болуудан калышкан. «Жаңы солчулдар» аттуу сөз айкалышы Ч. Р. Миллстин «Жаңы солчуларга катынын» 1961-ж.  программалык документ катары басылып чыгышынан соң кеңири жайылды. Миллстин ырастоосу боюнча «тарыхый  өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү» (барыдан мурун жумушчу табы, коммунисттик жана жумушчу партиялары)  капиталисттик коомдун структурасын өзгөртүүгө умтулган «эски солчулдар» багыты кыйроого дуушар болгон. Анын ою  боюнча өнүккөн өлкөлөрдө түп-тамырынан берки социалдык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп студенттер,  дегинкиси жаштар, дыйкандар же айыл жергеси, шаардык интеллигенция эсептелет. «Жаңы солчулдар» саясий  күрөштүн зордук ыкмаларына, биринчи кезекте куралданган зордук-зомбулукка өзгөчө басым жасашат. «Аларды  баалабагандыгы үчүн «эски солчуларды» сынга алышат. Батыш Европада, «жаңы солчулдардын» кыймылы эки агымга  бөлүнгөн: «парламенттен тышкары» же негизинен студенттик оппозиция (лидерлери – Р. Дучке, У. Бергман ж. б.). жана  түз иш аракеттер.

Экинчи агымга кийин террористтик уюмдарга (Италиядагы «кызыл бригадалар», ФРГдагы «кызыл  армиянын фракциясы» ж. б.) айланган солчул экстремисттик топтор кирген. «Жаңы солчулар» кыймылы  ишмердүүлүгүнүн терс жактарынан улам 60-ж. аягында «ататегинен» кийин начарлап, өзүнүн саясий маанисин жана  ролун жоготкон. «О-С». түшүнүгү парламенттик структуралардын социалдык-саясий күчтөрүнүн, коомдук прогресстин  кыймылдаткыч күчтөрүнүн орун алышын анализдөө каражаты катары, ошондой эле саясий парадигмаларга мүнөздөмө  берүүдө колдонулат. Коммунисттик кыймылда партияларды жана агымдарды оң жана сол деп бөлүү мисал боло алат.  СССРде кайра куруу мезгилинде «Солчул-центристтер-оңчулдар маселеси» жаңы сапатында пайда болгон. Солчул болуп  – бул мезгилде демократтык элементтер, оңчулдар болуп-коомдогу кандайдыр бир түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн  каршылаштары-консерваторлор чыгышкан. Кайра куруунун ишке ашпай калышы коомдо социалдык-саясий күчтөрдүн  жаңыча орун алышына алып келген. «О-С». түшүнүгүнүн мазмуну да өзгөрдү. Ар бири өзүн алдыңкы жана  прогрессивдүү деп көрсөткөн коомдук-саясий күчтөрдүн курч күрөшү болуп аткан мезгилде, саясий күчтөрдүн ордун  аныктаган так критерийдин жоктугу дале болсо бул түшүнүккө так аныктама берүүгө мүмкүнчүлүк бербей атат.  Коомдогу түрдүү идеялык-саясий агымдардын (солчул, центристтик, оңчул) болушу-плюрализмдин пайда болушун  көрсөткөн коомдун өнүгүшүнүн белгилүү мыйзам ченемдүүлүгү. Саясаттын мааниси алардын бардыгын коомду  прогресс жолунда кыймылга келтирүүчү кубаттуу агымга бириктирүүдө болуп эсептелет.