ПАМИР САКТАРЫ

Памирдин археологиялык эстеликтери али начар изилденген. Жазма булактардын маалыматтарынын бир кыйла толук жыйнагы орус окумуштуулары — И. Минаевге жана Н. Аристовго таандык. О. Олуфсен менен А. Стайндын Памирди археологиялык жактан изилдөөлөрү илимди Батыш Памирдин, көпчүлүгүндө Вахан (Ка’ахка, Замрташ-и-параст ж.б.) боюнча айрым сепилдер менен тааныштырды. Чыгыш Памирде, а түгүл Алайда да А.Стайн байыркылардын эстеликтерин көргөн эмес жана алыскы өткөн замандарда бул аймакта эл жашаган эмес деген шашылыш корутунду чыгарган. Э. Герцфельд теңирден тескери көз карашты туткан, ал өзүнүн эмгектеринин бириндеги картага «Даван өлкөсүн» түшүргөн, б.а. климаты жана флорасы субтропикалык болгон Фергананы аз жерден Гармонун тоо түйүндөрү жаткан районго жайгаштырып коё жаздаган.

Рефератты көчүрүү