ПАРСОНС Талкотт

ПАРСОНС Талкотт (1902–1979) – америкалык социолог. Социологиядагы аракет теориясынын жана системалыкфункционалдык мектептин түзүүчүсү. Америкалык социология маанилүү даражада спецификалык, чектелген,  эмпирикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан учурда П. бүткүл көп түрдүүлүгү менен адамзат реалдуулугун камтыган  жалпы аналитикалык логика-дедуктивдүү теориялык системасын түзүүгө аракет кылган. Антропологиялык  функционализм жана тең салмактуулук теориясынын таасиринде болуп, П. коомдун жашоосунун жана  стабилдүүлүгүнүн шарттарын анализдеген. П-тун структуралык-функционалдык ыкмасынын пайдубалы болуп каралган  системага коюлган төрт негизги функционалдык талаптарды аныктоо эсептелет. Алар түрдүү системанын жашоосун  жана сактоосун камсыз кылышат: адаптация, максатка жетүү, интеграция жана моделди колдоо. Социалдык системанын  деңгээлинде адаптация функциясын экономикалык кичи система камсыз кылат, максатка жетүү функциясын – саясий,  моделди колдоо функциясын – ишеним, ыйман системалары жана социалдаштыруу органдары (үй-бүлө, эл агартуу  институттары ж. б.) камсыз кылышат. Кичи системалардын ар бири функциялардын бирин аткарууга адистештирилген  катары каралат. Алардан андан кеңири системанын чектеринин сакталышы көз каранды. Ар бир кичи системанын  ишмердүүлүгүнүн натыйжасы кеңири системага кирүү катары интерпретацияланышы мүмкүн. Өз кезегинде ар бир кичи  система берилген кичи системага кирүү катары интерпретацияланган калган кичи системалардын ишмердүүлүгүнүн  натыйжаларынан көз каранды. П-тун структуралык-функционалдык ыкмасы саясат таануучулар тарабынан саясаттын  түрдүү проблемаларын анализдөөдө колдонушат. Саясат таануудагы бул ыкманын удаалаш өкүлү болуп Алмонд  эсептелет.