САЯСИЙ ЖҮРҮМ-ТУРУМ

САЯСИЙ ЖҮРҮМ-ТУРУМ – субъекттин өзүн курчап турган саясий чындык менен өз ара аракети. С. ж. т. чөйрөнүн  саясий стимулдарына карата жооп берүү системасы катары каралат. Тигил же бул жолду тандоодо жана өз алдынча  саясий чечимди кабыл алууда адамдын дүйнөгө болгон көз карашына (мындан анын жүрүм-турумунун багыты көз  каранды болот) чоң маани берилет. Адамдын С. ж. т-ун аныктоодо саясий бихевиоризм, неофрейдизм, когнетивизм,  гуманисттик психологизм ж. б. агымдар бар. С. ж-т. инсандын аң-сезимдүү саясий кызыкчылыктарынын жана  баалуулуктарынын болушу чечүүчү мааниге ээ. Тышкы факторлор (коомдун саясий-экономикалык системасы, саясий  маданият, коомдун социалдык структурасы, улуттук мамилелер, формалдык жана формалдык эмес бирикмелер ж. б.)  адамдын С. ж. т-ка олуттуу таасир кылаарын дайыма эске тутуу чоң мааниге ээ.