САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯ

САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯ (алдоо) – уюштуруучуларга керек болгон багытта саясий көрсөтмөлөрдү киргизүү жана  саясий жүрүм-турумдарды калыптандыруу максатында коомдук жана индивидуалдык аң-сезимге таасир этүү. Мындай  ролду көптөгөн саясий күчтөр ойношот, бирок, алардын ичинен кимисинин официалдуу бийлик структурасына жана  массалык маалымат каражаттарынын таасири көбүрөөк болсо, анда анын бул иште «ийгиликке» жетүү үмүтү  ошончолук чоңураак болот. Коомдук пикирдин мааниси жана таасири чечүүчү болгон демократтык механизмдердин  жана процедуралардын шартында борбордук бийликти кармап турган «бир ууч» адамдар үчүн коомдук пикирди  калыптандыруу жана аны багыттоодо С. м. эң сонун кызматын кылып берет. Адатта С. м. алдоонун жардамы менен ишке  ашырылат. Эң башкысы эл өзүнүн алданып жатканын өз учурунда билбөөсү зарыл. Бул максатта элдин саясий  сабатсыздыгы, саясий аң-сезиминин жана маданиятынын төмөндүгү, саясий окуяларды өз эркинче анализ кылуу  шыгынын жоктугу, «сокур ишенимдер», салт-санаанын «ыңгайлуу» жактары ж. б. алдоону өз кызыкчылыгы үчүн  уюштурган адамдар жана саясий күчтөр тарабынан өтө ийкемдүүлүк менен пайдаланылат. Мында массалык маалымат  каражаттары чечүүчү ролду ойнойт. Алданып калбоонун, С. м-га жол бербөөнүн төмөнкүдөй каражаттары бар: массалык  маалымат каражаттарындагы саясий плюрализмге милдеттүү түрдө жетишүү; жалган маалыматтарды бергени үчүн  журналисттерди катуу жоопкерчиликке тартуу; маалымат каражаттарынын үстүнөн демократтык көзөмөлдү орнотуу;  саясий билим берүүнү күчөтүү; саясий маданиятты тарбиялоо ж. б.