САЯСИЙ МАРКЕТИНГ

САЯСИЙ МАРКЕТИНГ (англ. mar-ket – рынок) – саясаттын субъекттерине, социалдык, таптык, этностук,  профессионалдык, региондук жалпылыктарга таасир этүү каражаттарынын, ыкмаларынын системасы; саясий рыноктун  көрсөтмөлөрүнө жана талаптарына, граждандардын (шайлоочулардын) саясий керектөөлөрүнө багытталган саясий  ишмердүүлүктү уюштуруу жана башкаруу механизми. С. м. системасында саясий ишмерлер жана уюмдар, саясий  атаандаштык мыйзамы аракет кылган өзгөчө рынокто, өзгөчө товар катары көрсөтүлөт. С. м. өзүнүн концепсиясынын,  иштелип чыккан стратегия жана тактикасынын жардамы менен рынокто өз товарын алдыга түртүп, «сатат»,  шайлоочулардын психологиясына таасир этүү үчүн маркетингдик изилдөөлөрдөн негизинде иштелип чыккан көптөгөн  саясий механизмдер, массалык маалымат каражаттары, өзгөчө телекөрсөтүү ж. б. таасир этүү каражаттары ишке  киргизилет. Реклама, маркетинг институттарынын кеңири структурасы түзүлөт. С. м. өтө кымбатка турган, бирок  саясаттын субъектилеринин активдүүлүгүн көтөрүүнүн натыйжалуу каражаты болуп саналат.