СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ

БАЙГАЗИЕВ  СОВЕТБЕК (1946-ж. т., Жумгал р-ну)  –адабият изилдөөчү, сынчы, публицист, жазуучу, педагог-усулчу, филол. ил. доктору (2002), профессор (1995). Кырг. Респ. билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998). «Менин боз торгоюм”(1970) аңгемелер  жыйнагынын, «Кайдасың  Асан-Кайгы?” повесть-эссеси, «Иниме кат” (1982), «Атуул жана Ата-Журт”, «Агай эмне үчүн атынып өлгөн жоксуз?”, «Кыргыз журту ободогу бүркүттүн көзү менен” ж. б. публицистика китептеринин, «Жаңы мүнөздөр, жаңы конфликттер” (1980), «Калем изи” (1987) ж. б. адабий-сын макалалар жыйнактары, «Мукай жана Жусуп” (1993), «Гумандуу педагогика жөнүндө  сөз” (1998), «Инсандын иш жактан жаңылануусунун зарылдыгы” ж. б. китептери чыккан. «Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу 2 томдук китептин авторлорунун бири. «Манас таануу” (2000), «XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы” (2000), «Улуу «Манас” улутубуздун дил жана тил бешиги” (1993) аттуу окуу куралы мектептерде, ЖОЖдордо кошумча адабият катары пайдаланылууда. Ал элдик бай, көркөм табият туюму сергек, эстетикалык-теориялык, тарыхый-адабий даярдыгы терең адабиятчы, сынчы, кыргыз адабиятын мектепте окутуу ишине, деги жалпы жаштарды окутуу-тарбиялоого көрүнүктүү салым кошкон педагог, коомдук-адабий, маданий, рухий билим берүү  темасындагы курч, масштабдуу макалаларды жазган публицист. С. Байгазиевдин сынчылык  өнөрүндөгү өрнөк болуучу касиет  –  сынга нукура иск-вонун таламын көздөп мамиле жасагандыгы. Байгазиев «Мукай жана Жусуп” деген жазуучунун чыг-лык индвидуалдуулугун мектепте үйрөтүү б-ча методикалык колдонмосунда чыгармачыл инсан жашап турган мезгилдеги тарыхый кырдаал, чыг-лык чөйрөдөгү атмосфера м-н тыгыз байланышты карап, кылдат анализден  өткөрүп, сүрөткердик көркөм-эстетикалык деңгээлине, талантына баа берүүнүн, талдоонун критерийлеринин  үлгүсүн иштеп чыккан. Байгазиев көп жылдан бери табияты татаалдраматургия жанрынын тарыхынын, проблемаларынын  үстүндө  да талбай изилдөө  иштерин жүргүзгөн. Натыйжада, 1984-ж. «60–70-жылдардын кыргыз драматургиясындагы көркөм конфликт ж-а каармандын нравалык изденүүлөрү” деген темада кандидаттык диссертация коргогон. Ал эми 2002-ж. «Кыргыз драматургиясы: тарыхы, конфликттер ж-а  образдар эволюциясы (20–50-жылдар)” деген темада докторлук диссертация коргогон.

Улуттук драматургия б-ча мындан аркы изилдөөлөргө жол ачкан, драмалык адабияттын тарыхын жаңыча изилдеген жана «ак тактардын” орду толтурулган бул эмгек кыргыз коомундагы драмалык каармандарын тарыхый аренага чыгышы үчүн тарыхый өбөлгөлөрдүн түзүлүшү, маселеси, теориялык-проблемалык планда эстетикалык-философиясы масштаб менен терең  изилденгендиги, профессионал драматургиянын тарыхый генетикалык башаттары биринчи жолу кенен ж-а аргументтүү  аныкталгандыгы м-н баалуу. Драма иск-восунун 20-жылдардагы жаралышы мурдагы обзордук мүнөздөгү изилдөөлөргө караганда кенен ж-а терең ил. талдоого алынган. 30–40–50-жылдардагы драматургиянын калыптануу ж-а өнүгүү  мыйзам ченемдери, образдары м-н конфликттеринин динамикасы тарыхый мезгилдин соц.-саясий, маданий эстетикалык контекстинен каралып, жогорку ил. теориялык деңгээлде жаңыча талдангандыгы, иштин мазмундуулугу, логикалуулугу, оригиналдуулугу м-н бирге кыргыз адабият таануусуна кошулган чоң ил. салым болуп эсептелет.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ