СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИН КУРЧУШУ. ОШ КООГАЛАҢЫ

Социалдык саясат боюнча дүйнөгө үлгү болуп жатабыз деген курулай шаңдануубуз айкындуулук доорунда төгүнгө чыгып, социалдык маселелерди чечүүдө көп мамлекеттерден артта калганыбыз көрүндү.

Жалпы эле совет элине, анын ичинде Кыргызстандын журтчулугуна, коомдогу жат көрүнүштөрдүн тийгизген залалы боюнча аныктасак, «өнүккөн социализм», «кайракуруу» мезгилинде өзгөчө күч алган аракечтик менен масчылык биринчи орунга чыккан.

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, масчылык менен алкоголизм өлкөнүн турмушунда тамырын кенен жайып, адамдардын жашоосунда коркунучтуу илдетке айланган. Акыры, КПСС Борбордук Комитетинин жана СССР Министрлер Советиннн 1985-ж. 17-майында жарыяланган токтомунда, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указында жалпы элдик жек көрүндү илдет болгон аракечтик жана масчылык маселеси кийинки жылдарда өлкөдө өтө курчуп кеткендигин, өлкөнүн жетекчилиги моюнга алууга аргасыз болгон.

Аракечтик менен масчылык СССРде, анын ичинде Кыргызстанда өзгөчө «өнүккөн социализм» доорунда күч алып, калк арасында кеңири тамыр жайган. Мисалы, 1983-ж. ар бир совет адамына бешиктеги баладан чал-кемпирлерге чейин эсептегенде, 60 бөтөлкөдөн арак чыгарылып, баары ичилип кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик болгон. Тактап айтканда, бул СССРдин ар бир жетинчи адамы алкоголик дегендикке жаткан.

1985-ж. Кыргызстанда жалаң гана саламаттык сактоо мекемелеринде катталгандарды эсептегенде 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген. Бул көрсөткүч Орто Азиянын бөлөк республикаларына салыштырганда Кыргызстанда эки эсеге жакын көптүк кылган.

Алкоголдук ичимдиктердин кенири тарашынын натыйжасында Кыргызстандын калкы үй-бүлөлүк үлпөттөрдү, тойлорду, ал тургай сөөк коюу өңдүү каада-салттарын спирттик ичимдиктер менен өткөрүүнү адатка айланткан. Ар түрдүү шылтоолор менен ондогон өспүрүмдөрдүн обу жок сайрандоосу, чогуу мас болушу республикада кеңири жайылып кеткен.

Айкындуулук доорунда аракечтикке жана алкоголизмге каршы жогортодон жүргүзүлгөн күрөш, Кыргызстандын айрым областтарынын, райондорунун «сергектик зонасы» деп жарыяланышы эл ичинде наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон. Жөнү жок тыюу салуулардын натыйжасында наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитардык-агартуу, үгүт-насыят иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул өндүү саясаттагы кемчиликтерден улам бул илдет Кыргызстанда да күч алган. 100 миң адамга эсептегенде наркоман же токсикоман оорусу менен катталгандардын саны боюнча республикабыз СССРде экинчн орунда турган.

Наркомандыктын тез таралышы, бир жагынан, саясаттагы, агартуу-тарбия иштериндеги кемчиликтерге байланыштуу болсо, экинчиден, республиканын айыл жерлеринде жапайы кара куурайдын өзгөчө көп өскөндүгү менен шартталган.

1980-ж. Кыргызстандын 4 миң гектардан ашуун жеринде наркотик же нашаа алына турган кара куурай өсөрү аныкталган.

Наркоманиянын тарашына каршы күрөштүн кеч башталышы, тажрыйбанын аздыгы, саламаттык сактоо мекемелеринде наркоман оорусунун башталышы, аныктай турган экспресс-диагностиканын, бул багытта адистердин жоктугу да себеп болгон.

Социалисттик коомдук мамилелердин жетишсиз деңгээлде өнүккөнүнөн улам өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда Совет бийлигинин жылдарында кылмыштуулук жана мыйзам бузуучулук өнүгүп келген.

1980-жж. кылмыштуулуктун жылдык өсүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турган төрт республиканын (Молдавия, Литва, Өзбекстан) катарына кирген. 1980-ж. Кыргызстанда 11,7 миңдей, 1985-ж. 14,4 миң кылмыш иши катталса, 1989-ж. ал 25,5 миңден ашкан. Кыргызстандагы 100 миң адамга эсептегенде 1980-ж. 323, 1985-ж. 353, 1989-ж. — 920 кылмыш иши туура келген. Кылмышкерлердин өз убагында кармалбай, жазаланбай калышы бул көрүнүштүн күчөшүнө түрткү болгон. Алсак, 80-жж. ортосунда жасалган кылмыштардын 40 пайызы ачылбаган бойдон кала берген.

Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши коомдук турмуштун башка тармактарына да залалын тийгизген. Кылмыштуулуктун өсүшү аны ооздуктоочу партиялык-мамлекеттик органдардын алсыздыгы акыры массалык кагылышууларга, кан төгүүгө да алып келген.

1990-ж. жайында Ош шаарынын айланасында өз алдынча жер участкаларын алып үй салуу аракеттеринин жүрүшүндө кыргыз жана өзбек улутундагы элдердин, өзгөчө жаштардын ортосунда тирешүү пайда болот. Бул маселеге өз убагында баа берип, чечип коюунун ордуна партиялык-мамлекеттик жетекчилик кайдыгерликти, чечкинсиздикти көргөзгөн.

Эки улуттун жаштарынын кагылышына негизинен кыргыз улутундагы жаштарды бириктирген «Ош аймагы» жана өзбек улутундагылар кирген «Адолат» коомдук уюмдарынын тажрыйбасыздыгы, саясий көз караштарынын тайкылыгы да себеп болгон. Кызуу кандуу жаштарды тыйып коюунун ордуна Ошто жашаган, көптү көрүп билген, Ата Мекендик согуштун, эмгектин айрым ардагерлеринин эки улуттун жаштарын кандуу кагылышка түртүшү өтө кечиримсиз иш болгон. Буга 1990-ж. 2-мартында Ош областынын Жалал-Абад шаарында жашаган аксакал ардагерлеринин 23 кишиден турган тобунун Союздук жана республикалык бийлик органдарына жөнөткөн каты күбө.

Бул катта республиканын Ош областында жашаган өзбектер областтын калкынын жарымын түзөрү, алар кысымга алынып жаткандыгы жалган фактылар менен көрсөтүлүп, бул аймакта улуттук тең укуктуулукту коргош үчүн Кыргыз ССРинин курамындагы Ош автономиялуу областын түзүү сунуш кылынган. Бул каттын тексттери көбөйтүлүп атайын кишилер аркылуу калк арасына таратылган. Ардагерлердин тобунун бул иши өзбек жаштарынын сепараттык аң-сезиминин, эки улуттун карама-каршылыгынын күчөшүнө түрткү болгон.

Жер участкалары үчүн чыр-чатак күчөгөн мезгилде өзбек үйлөрүндө батирде жашаган 700дөй кыргыз үй-бүлөлөрүн көчөгө куун ташташы абалды ого бетер татаалдаштырган. Каршылашкан эки топ 4-июнда бөлүштүрүү үчүн талашка түшкөн талаага чогулушат. Буга чейинки окуялардан улам чегине жеткен тирешүү кандуу жаңжалга айланат. Ал жердеги бийлик органдарынын кыжырданган жаштарды токтотууга күчтөрү жетпей калат. Өзбек улутундагылар шаардын бир жагынан, кыргыздар экинчи жагынан кандуу жүрүш башташат. Шаар ичиндеги кагылышууларда 155 адам жырткычтык менен өлтүрүлүп, 845 адам жарадар болгон, 262 үйлөр, 24 дүкөн жана башка имараттар, 67 автомашина өрттөлгөн. 5-июнь күнү Ош шаары толук жабылып, шаарга аскер бөлүктөрү киргизилген. 6-июнда шаардагы абал көзөмөлгө алынган.

5-июнда Өзгөн шаарындагы эл көп топтолгон жерлерде да улут аралык жаңжал чыгып, ал массалык мүнөзгө айланган. Ал жакта да кан төгүлүп, турак-жайлар өрттөлгөн. 6 июнда аскерлердин кириши менен кагылышуулар басандаган. 7-июнда курч кырдаал Ош областынын бардык аймактарында жана Фрунзе шаарында да түзүлгөн. Натыйжада 7 июнда Фрунзеде да өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ош коогалаңы республикалык партиялык-мамлекеттик жетекчилик тарабынан терең талданган эмес. Бул элдин бийликтегилерге болгон нааразылыгын туудурган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор