СССРДИН ТАРАШЫ. ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын III съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Мамлекетти башкаруунун бул формасынын киргизилиши улут аралык мамилелердин өзгөрүшү, плюрализмдин өнүгүшү, көп партиялуулуктун киргизилиши менен шартталган.

Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин контролдогон. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген.

1990-ж.  27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч Президенти болуп шайланган.

Союздук республикалар гана эмес аз сандуу улуттар дагы көз карандысыздыкты талап кыла баштаган. 1990-ж. 15декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз Республакасынын мамлекеттик эгемендүулугү жөнүндөгү Декларация» кабыл алган. Анда республиканын ар түрдүу улуттарынан турган граждандары Кыргыз Республикасынын элин түзөт, Республикада жашаган бардык улуттардын улуттук маданиятын, тилин, каада-салттарыи сактоого жана өнуктүрүүгө кам көрүлөт деп белгиленген. Мындан тышкары Декларацияда республикада менчик көп түрдүү болуп, алар тен укуктуулукка ээ болору жарыяланган.

Президенттик башкаруу киргизилгенден кийии, өзгөчө Кыргызстандын мамлекеттик эгемендуулүгу жөнундөгү талкуунун жүрушүндө мамлекеттик бийликтин системасын кайра түзүү, аны чыңдоо, мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги деген үч бутакка бөлүү жөнүндө көптөгөн сунуштар айтылган.

1991-ж.  22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө маселе каралып, ага ылайык «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнундө» мыйзам кабыл алынган. Ал боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. Бул боюнча жергиликтүү эл депутаттар Советинин манызы, мазмуну жана функциялары түп-тамырынан бери өзгөргөн.

Ушул мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи өкмөтү Министрлер кабинети түзүлгөн. 1991-ж. 22-январда Жогорку Советинин III сессиясында республиканын биринчи Премьер-Министрлигине Насирдин Исанов бекитилген.

СССР Эл депутаттарынын IV съездинин чечими боюнча жана СССР Жогорку Советинин 1991-ж. 16-январдагы токтомуна ылайык тең укуктуу эгемендүү республикалардын жаңыланган федерациясы катары СССРди сактоо маселеси жалпы элдик добушка (референдум) коюлган. Референдум

1991-ж. 17-мартта өткөрүлүп, Союзду сактоого далалат кылган күчтөр менен аны бузууга аракеттенгендердин күрөшүнүн шартында жүргүзүлгөн.

1991-ж. 21-мартта СССРдеги референдумдун жыйынтыктары боюнча СССРдин Жогорку Совети токтом кабыл алган. Анда референдумга өлкө боюнча 147 млн адам катышканы, Союзду сактоо үчүн 112 млн адам, т. а. катышкандардын 76 пайызы добуш бергендиги белгиленген.

Жалпысынан референдумдун жыйынтыгы союздук келишимдн иштеп чыгууга мүмкүндүк берген. 1991-ж. мартта келишимдин долбоору иштелип чыккан.

1991-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республика үчүн маанилүү бир катар документтерди кабыл алган. 5-февралда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында республиканын борбор шаарынын тарыхый атын калыбына келтирүү маселеси талкууланып полководец М. В. Фрунзенин атын алып жүргөн борборго кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.

Союздук келишимдин долбоору боюнча борбордук бийлик союздук республикаларга көп ири маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүндүгүн берген. Орус тили мамлекеттик статустан ажыратылып, улут аралык байланыштын тили болгон.

Өлкөдөгү консерваторлор союздук келишимди «Совет мамлекетин сатуу» катары баалап, өлкөнү аскердик төңкөрүш аркылуу сактап калууну чечишкен. Бул максатта алар «СССРдеги өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Комитет» (ГКЧП) түзүшүп, 19—21-августа «мамлекеттик төңкөрүш» жасоого аракет кылышкан. Бул окуя СССРдеги ансыз дагы араң турган мамлекеттик бийликтин баркын биротоло кетирген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы 1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны» кабыл алган. Бул боюнча Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет деп салтанаттуу жарыяланган. Ошентип, дүйнөнүн картасында жаңы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет Кыргыз Республикасы пайда болгон.

Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Көз каранды эместиги жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасы жалпы союздук органдардын көзөмөлдөөсүнөн кутулуп, бардык бийликти өз колуна ала баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991ж. 20-октябрда Мамлекеттик Коопсуздук Комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы, декабрдын аягында ички иштер аскерлери түзүлгөн.

1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. Ушул окуядан кийии СССРдин таркоо процесси башталган. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. Бул СССР биротоло жашоосун токтотту дегенди түшүндүргөн. 25-декабрда М. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

СССРдин кулашы жана КМШнын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анткени союздук борбор менен союздук республикалардын ортосундагы мамилелер кийинки учурда туюкка барып такалган эле. КМШга кирген ар бир мамлекет өзүнүн территориясында жашаган бөлөк өлкөлөрдүн граждандарына (граждандык укугу жокторго да) улуттук ж. б. өзгөчөлүктөрүнө карабастан граждандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарды, адам укугунун эл аралык нормаларына ылайык камсыз кылууга милдеттенген.

Ошентип, формалдуу түрдө федеративдүү мамлекет деп аталып, ал эми иш жүзүндө унитардык мамлекет катары жашап келген Советтик Социалисттик Республикалар Союзу жөн гана тарап кетпестен Шериктештикке жол бошоткон. Негизгиси, бул процесс чыр-чатаксыз, кан төгүүсүз, тынчтык жол менен өткөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор