СЫДЫК КАРАЧЕВ

КАРАЧЕВ Сыдык (1999, Түп р-ну – 1937, Фрунзе) – кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, прозачы жана  журналист. 1921–23-жылдарда Ташкент шаарында В. И. Ленин атн. аскер окуу жайында окуган. В. И. Ленинге арналган алгачкы ыры 1918-ж. Казан шаарында чыгуучу «Шуро” газетасында жарыяланган. Түркстан республикасында казак тилинде мезгилдүү  басма сөз чыккандан тартып, кыргыз тилинде жазууга  өткөн. Карачевдин азыркы кезде тексти табылган поэтикалык чыгармаларынын эң алгачкылары 1919-ж. казак тилинде чыгуучу «Көмек” газетасында, «Шаудан жүрөк” жана  1924-ж. «Ак жол” газетасында «Күзгү  түндө” ырлары жарыяланган. Ал эми 1919-ж. «Көмөк” газетасынын сандарынын биринде татар тилинде «Үйлөнүүдөн качты” аңгемеси жарык көргөн. Анда татар жана  орус мектептеринде билим алган кыргыз жаштарынын турмушуна болгон көз караштары ж-дө  айтылат. 1919–20-ж. «Көмек»”(«Ушкын») газетасында Карачевдин «Сүйгөнүнө  кошула албады”, «Армандуу эки жаш”, «Ысык-Көл боюнда”, «Алданган нур кызы”, «Күкүк менен Зейнеп”аңгемелери басылып чыккан. Алардын дээрлик баары негизинен өткөн замандагы аялдар теңсиздиги темасына арналган. Карачевдин чыгармаларынын ичинен өзүнчө китеп түрүндө жарык көргөндөрүнүн алгачкылары «Теңдин жолунда” пьесасы жана  «Эрксиз күндөрдө” повести (экөө  тең  1928.).  Пьесада революциядан кийинки кыргыз турмушундагы эски менен жаңынын айыгышкан таймашы көрсөтүлөт. Ал эми тунгуч кыргыз повесттеринин бири  – «Эрксиз күндөрдө” чыгармасында автордун мурдагы аңгемелери сыяктуу эле аялдар теңсиздиги темасы козголгон.

Повесттин  башкы оң  каарманы атактуу ажынын кызы, б. а. эзүүчү  таптын  өкүлү  болгондугу  үчүн сын-пикирлер айтылып, бул жагдай автордун кийинки тагдырына олуттуу таасир тийгизген. «Төрага Зейнеп” пьесасы менен «Эрик таңында” аңгемесинде (экөө  тең –  1929) революциядан кийинки окуялар, совет бийлиги айыгышкан тап күрөшүндө бекемделиши, элдин аң-сезиминин ойгонушу, патриархалдык каада-салтка каршы күрөш жана  калк турмушундагы жакшы өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. К. кыргыздын тунгуч котормочуларынын бири. Н. Чекменевдин «Мейкин талаада”, А. С. Пушкиндин «Дубровский” жана  «Бекетчи” повесттерин, Л. Н. Толстойдун, А. П. Чеховдун аңгемелерин кыргызчалаган. К. негизсиз репрессияланып кийин акталган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ