СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

ЭРАЛИЕВ  Сүйүнбай (1921-ж. т., Талас р-ну)  –  акын, Кыргыз Республикасынын  эл акыны (1974). 1942–44-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эралиевдин чыгармалары 1944-жылдан чыга баштаган. Туңгуч ыр жыйнагы «Биринчи жаңырык» 1949-ж. чыккан. 1959-ж. жарык көргөн «Ак Мөөр» поэмасынын баалуулугу – элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылып, аны кайрадан асылдык катары окурмандарга жеткирүүдө жаңыча мамиле кылгандыгында, көркөм сөз каражаттарын колдонууда, терең психология менен курч драматизмде, филос. ой жүгүртүүлөрдө, лирикалык чегинүүлөрдө, эпикалык параллелизмде, табиятты көркөм сүрөттөөлөрдө  Ак Мөөрдүн татаал тагдыры аркылуу кыргыз элинин бүтүндөй бир доорун, патриархалдык-феодалдык, социалдык ички карама-каршылыктарын,  өнүгүш тенденцияларын, салт-санаасын, аң сезимин ачып бергендигинде. Бул өз убагында кыргыз поэзиясындагы чоң окуя болгон. Бул поэманын чыгышы Эралиевдин нагыз акындык жүзүн көрсөтүп, кыргыз поэзиясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Поэманын ритмикасы, поэтикалык ыкмалары, уйкаш системасы ж. б. жаңылык тартуулап, бүтүндөй кыргыз акындарын өзүнө тарткан. Андан кийин «Түнкү сыр» (1960), «Уяң жылдыздар» (1962), «Поэма о любви» (1962), «Күндөр» (1964), «Жайында» (1966), «Жылдыздарга саякат» (1966), «Упрямая красавица» (1966), «Өмүрлөргө  саякат» (1967), «Жол» (1969), «Сан тоолор» (1971), «Каркыралар» (1972), «Кыргыз жаны» (1974), «Айыл ырлары» (1976), «Тандалмалар» (1978, 1981, 1983, 1991), «Биздин суулар» (1980), «Избранное» (1981), «Кыштак кечтери» (1985), «Кызгылт багымдат» (1987), «Дүйнө» (1991) ж. б. чыгармалары жарыкка чыккан. Эралиев кыргыз адабиятындагы мурдагы көлөмдүү  поэзиялык чыгармалардын көбүнө мүнөздүү  карандай баяндоо, турмуш көрүнүштөрүн натуралистче тизмектей берүү, жадатма прозаизм, дидактизм жана схематизм сыяктуу терс белгилерден кол үзүп, окуянын динамикалуу өнүгүшүнө, баяндоонун экспрессиялуулугуна, ыр саптарынын мукамдуу жана картиналуу болушуна жетишкен. Ошондой эле өзүн чоң табият сүрөтчүсү пейзажист катары да көрсөтө алган. Эралиев салттуу поэзияны асемине келтирип чегелей билген, эркин ырдын поэтикалык ойго, анын мазмунуна кыт куйгандай төп келип, чырайына чыгарып турган формасын тапкан. Аны кыргыз ырынын табиятына кынаптап кыйыштырган. Көркөм ыкмалардын, поэтикалык жалпылоолордун бийик деңгээлине батылдык менен көтөрүлүп чыккан.

Анын «Жылдыздарга саякат» поэмасы жаңыча изденүүнүн акыбети болуу менен лирикалык каармандын монологу иретинде жазылып, филос. маселелерди камтыган. Ал тематикасы, образдык структурасы, көркөм формасы жагынан жалпы кыргыз поэзиясына жаңыча көрүнүш катары кирген. Б. Слуцкийдин котормосунда орусча басылып чыгып, ал

жалпы союздук окурмандарды да кайдыгер калтырган эмес. «Жылдыздарга саякат” поэмасы адамдын айлана-чөйрөдө, адамзат дүйнөсүндө  болуп жаткан ири окуяларга билдирген ички дүйнөсүнүн монологу, филос. ой толгоосу. Космос мейкиндиги, жер шары, аалам жана адам проблемасы  –  поэманын жалпы мазмуну. Элүүнчү жылдары кыргыз ырынан кескин  өзгөчөлөнгөн ритмикалык-интонациялык курулма аркылуу чыгармаларына накта поэтикалык касиет берип, кыргыз поэзиясындагы уйкашсыз жазылган ыр формасына негиз салган. Эралиев Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде «Ырым-сен” аттуу поэма-драма жазган. Андан кийинки «Жол», «Ак жыттар», «Кызгылт багымдат», «Кесиринсан», «Дүйнө» ж. б. поэмаларында, ырларында да автор согуш, азыркы дүйнө, мезгил, жердеги адамдын жашоосу жөнүндөгү  терең  филос. ой толгоолорун камтыган. «Жаңыл Мырза” поэмасында патриархалдык-феодалдык коомдун шартындагы Жаңылдын  жеке трагедиялуу тагдырына көркөм талдоо берген.

Чыгармада эл турмушу менен баатыр кыздын кайгы-муңу эриш-аркак берилет. Акындын ийгилиги-сюжеттик трафареттен качып, биринчи планда ички дүйнөгө  үңүлүп, аялдык психологиянын  өзгөчөлүгүнө  токтолуп, социалдык жана психологиялык кырдаалдарды коюп  өз алдынча почерк, стил менен баяндайт. «Кесиринсан” поэмасында Чернобылдагы

каргашалуу окуя публицистикалык-филос. мүнөздөө  баяндалып, ой толгоо кеңири масштабдуу. Каармандардын ар-биринин  өз алдынча тагдырлары бар, жашоонун башталышы кызыгы менен  өмүрдүн жалп этип  өчө  турган мезгилинин ортосундагы аралыкта адамды не деген күтүүсүз окуялар күтүп турат. Эралиев каарманын Сократ менен жолуктуруп, табият, адамдын адамга болгон ишенбөөчүлүк мамилеси, нравалык жардылануудан тартып, кыйрап бараткан социалдык катмарды, соолуп бараткан экологияны  –  акырзаманды  өз ичине камтыган диалогун жүргүзөт. С. Эралиев оптимист,

анын табылган дүйнөсү –  Асыл жер, жарыктын булагы-тирүүчүлүк, Ай-Аалам менен  өлчөнгөн сүйүү,  өчпөгөн  үмүт.

Котормо  өнөрүнө  да зор салым кошкон. Ал А. Твардовскийдин «Василий Тёркин» поэмасын бардык жагынан түп нускага дал келчүдөй даражада которгон (1956). Ал – кыргыздагы поэтикалык котормонун эң мыкты үлгүлөрүнүн бири.

У. Утмен, Р. Тагор, С. Есенин, М. Турсун-Заде, Р. Рождественский, С. Баруздин, Э. Межелайтис, Ф. Шиллер ж. б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Каракалпак эл дастаны «Кырк кызды» кыргызчалаган. Чыгармалары орус, англис, испан, о. эле мурдагы СССР элдеринин тилдерине которулган. Кыргыз Республикасынын  Токтогул атындагы  мамлекеттик  сыйлыгынын (1986, «Айыл кечтери» деген китеби  үчүн), Бүткүл союздук А. А. Фадеев атындагы  адабият сыйлыгынын (1981), Асанбек Табалдиев атындагы  сыйлыктын (1989, «Кесирсан» поэмасы  үчүн), Айтматов клубунун эл аралык сыйлыгынын (1994) лауреаты. Эл Достугу, I даражадагы Ата Мек. согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ