ТЕҢИР-ТООЛУК КЫРГЫЗДАРДЫН РОССИЯНЫН БИЙЛИГИН КАБЫЛ АЛЫШЫ

Россияга кошулганга чейин Тенир-Тоодогу кыргыздардын бир бөлүгүн Кокон хандыгы каратып, мезгил-мезгили менен салык алып турса, экинчи бөлүгү Кашкардагы цин-манчжур бийлигинин таасиринде турган Кытай менен чектешкен. Кыргызстандын бул аймагын каратууга орус бийлиги чоң маани берген. Анткени буга чейин орус көпөстөрү Кашкар менен соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу жана Верный тараптан Кулжа аркылуу ишке ашырып келген. Теңир-Тоону каратуу менен орустар Чыгыш Түркстан, Кашкар менен түз соода жасамак.

1863-ж. жайында Борбордук Теңир-Тоого генштабдын капитаяы Проценко башчылык кылган Кашкар отряды деп аталган кошуун аттанган. 3-майда бул отряд Жумгал өрөөнүнө келет. Бул жердеги 56 кокондук сарбаз өздөрү турган коргонду таштай качышкан. Андан соң бул кошуун Соң-Көл жайлоосу аркылуу Куртка чебине өткөн. Кокондуктар бул жерден да күн мурдатан эле чегинип кеткен. Теңир-Тоолук кыргыздардын Россияга кошулушу Түндүк Кыргызстандын башка аймактарындагыдай эле карама-каршылыктуу, татаал социалдык-саясий шарттарда жүзөгө ашырылган. Айрым манаптар орус бийлигине өздёрү өтүнүч менен кайрылышса, кээ бирлери күтө турууну чечишти, дагы бирлери падыша аскерлери менен куралдуу кагылышууга чейин барышкан. Мисалы, 1863-ж. июлда манап Осмон Тайлак уулу орус аскерлерине каршы ачык согушка чыккан. Ал жигиттери менен Токмок уездинин начальниги майор Г. Зряжскийдин чакан аскерин камалоого алган. Ага ошо кезде капитан чини бар Шабдан Жантай уулу жардам берип, өлүмдөн сактап калган. Осмон өзү чыгыш Түркстанга баш калкалаган. Бул жактан 1867-ж. гана кайтьш келип, 3 мин түтүн эли менен Россияга баш ийген.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Үмөтаалы Ормон уулу да орус бийлигине каршы ачык күрөшкөн. Ал орус аскерлерин бириндетип талкалап, Ата Журттан сүрүп салуу максатында 1863-ж. 19-июнда Куртканын Эки-Чат деген жеринде подпоручик Зубаревдин 40 аскерден турган кошуунуна кол салат. Эки күн камоодо калган орус аскерлерине жардам келбегенде Үмөтаалынын жигиттери талкаламак эле. Ак-Талаадагы бул кагылышуудан кийин Үмөтаалы Кашкар букаралыгын алуу ниетинде Чыгыш Түркстанга барган. Ап жакта жаңы мамлекет түзгөн Жакып бек Үмөтаалынын өтүнүчүнөн баш тарткан.

Теңир-Тоодогу черик уруусунун Россиянын бийлигине киришинин мааниси чоң. Анткени алар Нарын дарыясынан түштүктө Күйкө-Турпан тоосуна чейин Какшаал суусунун жээктеринде, Ат-Башы, Арпа, Аксай өрөөндөрүнөн Кашкарга чейинки кеңири мейкиндикти ээлеп турушкан. Чериктер Кокон хандыгына, цин-манчжур төрөлөрүнө, кийин Кашкардын улугу Жакып бекке салык төлөп, кош кабат эзүүгө туш болушкан. Чериктин манаптары Россияга кошулуу менен татаал абалдан чыгуу максатын көздөшкөн. 1863-ж. жазында 6 миң түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет Тоймат уулу баш болгон бийлер Ала-Тоо округунун улугу Колпаковский аркылуу ак падышага кат жөнөтүшкөн. Чериктерди букаралыкка кабыл алуу үчүн император макулдугун билдирген.

1963-ж. 13-октябрда чериктердин элчилери Омскиге келип орус бийлигине өткөндүгү тууралуу ант беришкен. 1868-ж. Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көбү Ала-Тоо округуна карап, калганы Кашкардын улугу Жакып бектин карамагында турган. Кийин 1877-ж. Жакып бектин мамлекети жоюлганда алар Кытай императорунун бийлигине өтүп кеткен. Черик уруусунун көпчүлүгүнүн орус бийлигине өтүшү менен алар ээлеп жүргөн кең мейкиндик Кыргызстандын жери болуп калган.

1865-жж. Нарындын башын мекендеген бугу, тынымсейит уруусу, Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбөнү жердеген саяк уруулары Россиянын курамына киргизилет. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар орус бийлигине 1867-ж. чейин каршылык көрсөткөн. Мындан ары күрөштөн пайда чыкпасына көзү жеткен Үмөтаалы акыры орустарга багынып берген.

1868-ж. Нарын жана Караколдо орус чептери курулуп аларда туруктуу аскер кошуундары тургандан бататап Кыргызстандын түндүгүнө Россиянын бийлиги реалдуу түрдө орногон.

1867-ж. 11-июлда Сыр-Дарыя жана Жети-Суу областтарынан турган Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөн. Анын стратегиялык мааниси эске алынып, согуш министрлигинин карамагына беришкен. Ошентип, Кыргызстанда болочокто согуштук жана граждандык башкарууга негизделген колониялык атхараттын башаты негизделгеы. Административдик башкарууну уюштуруу менен катар эле орус өкмөтү жаны ээликтерде падышачылыкка согуштук-саясий жана социалдык таяныч түзүү үчүн келгин орустарды отурукташтыруу саясатын да ишке ашыра баштаган. 1867-ж. Ысык-Көлдүн Караколунда, Чүйдүн Токмогунда отурукташтыруу пункттары даярдалып, кийинки жьшы орустар келе баштаган.

Ошентип, 1863-1868-жж. 1855-1863-жж. айырмаланьш, Түндүк Кыргызстанда иш жүзүндө орус бийлиги орногон. Демек, түндүк кыргыздарынын Россияга каратылышы 1863-1868 жж. аралыгында Россия бийлигинин үстөмдүгүн биротоло орнотулушу менен толук ншке ашырылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор