ТОГОЛОК МОЛДО

Тыйаншандын булагындай тунук, сонун таланттарды берген азыркы убактагы Кыргыз ССРинин Тыйаншан виллайетиндеги (облусундагы) Куланак деген жерде туулган, кыргыздын улуу акындарынан болуп саналган Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулунун) туулганына быйыл 100 жыл толуп олтурат. Тоголок Молдо деген атты жана атакты акын, өзүнүн кат таанып, билимдүү болгондугунан жана өзүнүн чыгармаларын кол жазма менен калкка таркаткандыгынан алган болучу. Акын узак өмүр сүрдү. Ал 82 жашында бул дүйнөдөн кайтты. Бул жашоосунда башынан көп укмуштуу убактыларды өткөздү. Өлкөбүздүн падышачылык Оруссиянын желдеттери тарабыңан басылып алынгандыгынын, ал теңсиздик күрөштө берген курмандарыбызды акын өз көзү менен көрдү. Зордук менен баскынчылыкка алынган калкыбыздын, Кыргызстан көз каранды болбостугу үчүн улуттук байрактарыбызды көтөргөн 1898-жылдагы Анжиан козголоңунун, андан кийинки 1916-жылдакы жалпы Түркестандык азаттык күрөштөрүбүздүн замандашы. 1916-жылдакы улуттук күрөш майданында Тоголок Молдо өтө активдүү катышкандардын бири эле. Качан орус желдеттеринин кысымынан калкыбыз Кытайга сүрүлгөндө алардын арасында ал убакта атагы чыккан Тоголок Молдо да бар. Тоголок Молдо Кытайдагы эмигранттык турмушту да кордү. Натыйжада Тоголок Молдо улуттук максатыбызды эң алдынкы милдеттеринин бири кылып кармаган, ак менен караны өтө жакшы ажырата билген акындарыбыздан. Калкыбыздын эркиндигине бөтөнчө көңүл койгондордон. 1917 — 1919-жылдардагы улуттук эркиндигибиз күндөрүндө улутчул көсөмдөрүбүздүн алдыга сунган ураандарына тартынбастан кошулуп, аларды калк арасына таркаткан жарчыларынын бири. Бирок акындын бул эмгектерине карабастан бүгүнкү коммунисттик диктатуранын тапшырмаларын гана орундатышка мажбур болгон Кыргызстанда чыккан газета, журналдар бул 100 жылдык эстеликке карата бүтүндөй тескери үгүт таратышмакта (таратууда.) Жазылган макалаларда, эске алган эскерүүлөрдө Тоголок Молдону жүздү-жүз коммунисттерге берилген, алардын кызыл чоорун тарткан акын кылып көрсөтмөкчү болушат. Бул көрсөтүлгөн жалган үгүттөргө биз чыныгы далилдер менен жооп беришти тилейбиз (көздөйбүз). Тоголок Молдо деген атакты акын совет өкмөтүсүз илгери алгандыгы эч кимибизден жашырын эмес. Өз чыгармаларын жазып, аларды көбөйтүп калк арасына тараткандыгын кайда алып барып жашырышмакчылар. Көп макалаларда акынды «улуу орус» агаларды жактырган жана аларды жактоочулардан кылып көрсөтмөкчү болушат. «Улуу аганы» жактырганынан 1916-жылдакы күрөшүбүзгө катышып, Кытайга орустарды сүйгөндүгүгөн качышка мажбур болду деп айтышка кантип ооз батат? Жалганды чын кылышка машыккан, чындыкты бурмалаган коммунисттик пропагандисттер кыла турган иштери бу. Тоголок Молдо Кыргызстанда Алаш-Ордочулардан экендигин кайда алып барып жашырмакчы болушат? Улуттук күрөшүбүздүн байрактары көтөрүлгөн заманда алардын максатын калк арасына таратуучу жарчы болгондугу туурасында бул 100 жылдыкка арналган макалалардын биринен эч кур дегенде ишара кылууну да таба албайбыз. Бул чындык. Ал эми советтердин ислам динин изилдөөчүлөрүнүн бири, жалпы түрктөрдү жек көргөн душмандарынан болгон Климович деген неме Тоголок Молдо туурасында 1952-жылы чыккан «Дружба народов» журналынын 5-санында Тоголок Молдого кандай Күнөө койгондугун бүгүнкү макала жазуучулар кайда катышмакчы. Ал Климович болсо Тоголок Молдону пантүркчүлүк менен айыптап, анын жазган китептеринен далилдер алган. Ал далил мына: «Эгерде, сен кимсиң деп, менден сурасаңар, — Менин атам Жакып, өзүм Манасмын, чыккан түбүм түрк, урааным менин Алаш. Улугум менин кыргыз деп жооп беремин» деген. Бул белгилүү сөздү Климович Тоголок Молдонун жыйнагынын 1-тому, 281-бетинен тапкан. Бул жогорку сөздү ап-ачык жазган улуу акын кантип бүгүн коммунистчил болгонуна таң калышка гана мүмкүн. Атактуу белгилүү күндөрдү сый менен чындыктуу өткөрүш үчүн акыйкаттуулук керек. Ансыз ар ким башчыларына жагыныш үчүн улутчул азаматтарыбыздын аттарын кызартып боемокто. Бул акыйкаттуулукка жана чындыкка жатпайт.

Нью-Йорк, 1960-ж. (Азамат Алтайдын архиви).  «Азаттык» радиосу