ТОКТОМ

Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл
алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат.
Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө
бөлүнөт:
1. Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга
арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат);
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик
маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).

 

ҮЛГҮ:

 

Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары
Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы

№ 43 ТОКТОМ

10.04.2010 Бишкек ш.
Кыргыз Эл акыны Алыкул Осмоновдун
90 жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Өлкөбүздүн маданиятына жана адабиятына баа жеткис салым кошкон Кыргыз
Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын өткөрүү үчүн Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы токтом кылат:
1. Республиканын Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын даярдоо жана
өткөрүү боюнча иш-чаранын планы иштелип чыгып, бекитилсин.
2. Райондо акындын китеп көргөзмөсү уюштурулсун, мектептерде А. Осмоновдун чыгармачылыгына арналган ачык сабактар өткөрүлсүн. Бул иш-чараларды аткаруу райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Мааракеге байланыштуу салтанат, кече, диспуттар өткөрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары С. Салиевге жүктөлсүн.