УЙГУР ЖАЗМАСЫ

УЙГУР ЖАЗМАСЫ – 8–18-к-да Чыгыш Түркстандын түрк тилдүү элдери колдонгон жазмалардын бири. Согду жазмасынын негизинде келип чыккан. Изилдөөчүлөр согду жазмасынын башаты арамей жазуусу экендигин белгилешет. У. ж. м-н жазылган эстеликтер 8-к-га таандык. Жогортон төмөн карай жазылып, саптар солдон оңго карай жайгашат. 22 тамгалуу. Тамгалар сөз ичинде алган ордуна жараша араб жазуусу сымал ар башка формада жазылат, сөздүн башында, ортосунда ж-а аягында тамганын формасы өзгөргөн аллографтардан турган. Диний чыгармалар атайын ыңгайлашкан арип м-н жазылган. 9–13-к-да У. ж. будда динин тутунган түрк тилдүү урууларга тараган. Бул уруулар ислам динин кабыл алышкандан кийин аны араб жазмасы м-н катар 18-к-га чейин колдонушкан. 13-к-да бул жазууну моңголдор өз тилине ылайыктап кабыл алышкан; Ички Моңголия автономиялуу р-нунда (Кытай Эл Респ.) У.ж. азыр да колдонулат. Манжурлардын жазуусу да У. жнын негизинде калыптанган.