УЙГУР КАГАНДЫГЫ

УЙГУР КАГАНДЫГЫ – 744–840-ж. Борбор Азиядагы уйгурлардын мамлекети. Уйгурлар кытай булактарында «гаогюй» (гао-гюй, као-го) – «бийик арабачандар» деп аталышкан, азыркы Моңголиянын аймагын, Саян-Алтай тоолоруна туташ жерлерди мекендешкен. Негизги уруу юан (хуйхэ) же уйгурлар Орхон, Толы дарыялары Селенгага куйган жерлерде жашаган. 609-ж. уйгур, тунло, паегу, пугу уруулары Чыгыш Түрк кагандыгына баш ийип калышат. Пэйло-хан уйгур ж.б. урууларды саясий жактан бириктирип, 744-ж. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына сокку уруп, 745-ж. борбору Ордубалык ш. болгон У. к-н негиздеген. У.к. Алтайдан Чоң Хинганга, түндүктө Саян тоолорунан, түштүктөгү Гоби чөлүнө чейинки аймакка өз бийлигин орноткон. 746-ж. Пэйлонун өлүмүнөн соң тактыга анын уулу Моюнчур олтурган. Шине-Су (Моңголиянын түндүгү) деген жерден Моюнчур жаздырган (759–760) руна сымал жазуу табылган. Андагы маалыматтар б-ча 743-ж. Моюнчур түрк аскерлерине катуу сокку урган. Ушул мезгилде кыргыздар, чиктер, карлуктар, уйгурларга каршы коалицияга биригишет, басмыл, түргөш уруулары да толкундай баштаган. Моюнчур 750-ж. чиктерди, 754-ж. кидандарды баш ийдирген. Узакка созулган салгылашууда Иртышка жакын жайгашкан карлуктар талкаланып, бир бөлүгү Жетисууга ооп кетишкен. Уйгурларга каршы коалициянын башында турган «кыргыздар көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн, жеңил куралданган атчан аскерлерин туш тарапка жөнөтүштү, чиктер көтөрүлүш чыгарышты…» – деп жазылган руна жазуу эстеликтеринде. 758-ж. кыргыз каганынын 50 миң аскери уйгурлардан жеңилип калып, кыргыздар Уйгур кагандыгына баш ийип калышкан. Бирок, кыргыздар номиналдуу көзкаранды абалда болуп, салык төлөө м-н гана чектелишкен. 8-к-дын орто чендеринде саясий-экономикалык кы-йынчылыкка кабылган Тан династиясы У.к-на узак мөөнөткө салык төлөөгө мажбур болгон. Чыгыш Түркстан үчүн Тибет м-н да бир нече согуштук кагылышуулар болуп өткөн. 8-к-дын аягында карлуктар ж.б. түрк уруулары көтөрүлүш чыгарышкан. 820–840-ж. кыргыздар м-н узакка созулган согуш болуп, 840 – 843-ж. кыргыздар чечкиндүү чабуулга өтүп, У.к-ын талкалаган. Уйгур уруулары (тогуз-огуздар) Түндүк Моңго-лиядан бир нече багытка бөлүнүп, аргасыздан журт которушкан (Улуу Кытай сепили, Ганьсу, Чыгыш Түркстан).