УСУНДАР ЖАНА ДАВАН ПАДЫШАЛЫГЫ

Кытайдын улуу хан династиясынын тарыхынын өз алдынча бабында усундар жөнүндө маалымат бар. Усундар жөнүндө мындай толук маалыматтын берилиши б.з.ч. II кылымдын акыры ченде, 136-128 жж. жана 115-жж. белгилүү кытай саякатчысы Чжан Цяндын усундарга эки жолу келип кетишине байланыштуу. Чжан-Цяндын миссиясы өтө жооптуу болгон. Ал Кытайдан алыскы батышка чейинки соода жолун ачуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында Орто Азияда «чалгынчылык» иш жүргүзүүгө тийиш эле. Чжан Цяндан кийин Кытай менен усундардын ортосунда дипломатиялык мамиленин орношу жана усун өкүмдарларынын кытай ханзаада бийкечтерине үйлөнүшү кытайларга усундардын саясый тарыхы менен кеңири таанышууга мүмкүндүк берген. Усундардын турмушунун социалдык жагы болсо кытай булактарында бир кыйла начар чагылдырылган, бирок бул маалыматтарды Кыргызстандын аймагындагы ошол мезгил үчүн бир кыйла жакшы изилденип-үйрөнүлгөн археологиялык материалдар толуктай алат.

Рефератты көчүрүү