ШЫРДАКБЕК — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР КАЖИНГАРБАШЫ

Көчмөндөрдүн башка бир борбору, ордо-шаары Алабука суусунун өрөөнүнөн табылды. Бул өтө кызыктуу эстелик, ал жергиликтүү калктын арасында Шырдакбектин чеби деген ат менен белгилүү; бул чеп кыргыз баатырына таандык кылынат, анын өмүрү ушул эле аталыштагы элдик поэмада баяндалат. Бирок, бул уранды Шырдакбектен алда канча мурдагы чептин урандысы экени аныкталды (поэма XVIII к. акыры ченинен эрте эмес убакта түзүлгөн) жана курулуштун жөн гана Шырдакбекке таандык кылынып жүргөнү айдан ачык болду

Рефератты көчүрүү