УСУН МАМЛЕКЕТИ

«Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасынан кирген. Тарыхчы А. Өмүркуловдун пикнри боюнча «Усун» этноними байыркы түрк тилинен которгондо «он урук эл» (ус урук, ун он) дегенди түшүндүрөт. Бул эл Чыгыш Түркстандагы Упса (Узун) дарыясынын атынан аталган деген да божомол бар. Генеалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак усундар түрк элдеринин бир салаасы, азыркы кыргыздардын түпкү бабалары болгон. Усундар сырткы кебетеси жагынан сакалдары кызгылт сары, көздөрү көк болуп, Түркстандын тургундарынан айырмаланып турган.

Усундар адегенде хунндар жана юэджилер менен кокшулаш болуп Улуу Кытай дубалынын батыш жагында көчүп жүрүшкөн. Алардын бир бөлүгү б. з. ч. 160-ж. сактарды жана юэджилерди талкалап, Теңир-Тоого жана Жети-Сууга көчүп келишкен. Көп убакыт өтпөй чыгыштан хунндар менен, батыштан Талас дарыяларынын өрөөндөрүндө Кангүй менен, түштүктөн Фергана жана Чыгыш Түркстан менен чектешкен жаны мамлекет түзүлгөн. Түндүктөн усундардын ээлиги Балхаш көлүнө чейин жеткен. Усундардын падышасы Күнбаг (күн бий) деген титулду алып жүргөн. Алардын борбору Чигу, же Чигучэн деген шаар болгон. Бул сөздүн котормосу Кызыл өрөөндөгү шаар. Акыркы жылдардагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул шаар ЫсыкКөл областынын чыгышындагы Түп суусунун куймасына жакын, айрым маалыматтар боюнча Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын этегинде жайгашкан деген гипотезаны берди. Эки жээкте тең суунун астында шаардын негизги бөлүгүнүн калдыктары жатат. Анын жашоочулары дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Б. з. башында көлдүн суусу көтөрүлө баштап, шаарды көмүп калган.

Күнбагдын бийлиги мураска өткөн усундардын мамлекети эрте таптык түзүлүштө болгон. Башкарууда Күнбаг аксакалдар кеңешине таянган. Мезгилинде усундардын мамлекетинде 630 минден ашык жоокер жыйналган. Ошондуктан усундар менен Хань Кытайы жана ошол мезгнлдеги Борбордук Азияга үстөмдүк кылган хунндар да эсептешүүгө аргасыз болгон.

Орус окумуштуусу Н. Аристов 1893-ж, «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар: Батыш Тянь-Шандын кал■ кынын тарыхы менен турмуш тиричилигинин очерктери жана анын тарыхый картографиясы боюнча изилдөөлөр» деген эмгегинде: «Усундар Батыш Тянь-Шанды жердеп тургая азыркы кара-кыргыздардын түздөн-түз бабалары болуп саналат» деп белгилеген.

Б. з. ч. II к. экинчи жарымынан тартып усундар Хань имиериясынын чон саясатынын чөйрөсүнө тартылган. Ал мезгилде Хань империясынын алдында эки маанилүү милдет турган. Биринчиси, эзелки душмандары болгон хунндар мамлекетин талкалоо эле. Кытайлар орто азиялык ээликтерге чейинки Улуу Жибек жолуна көзөмөлдүк жүргүзүү усундардын колунда экендигин түшүнүшкөн. Ошондуктан император Уди б. з. ч. 109-ж. усундарга баалуу белектерди жүктөгөн жана Күнбагга аялдыкка берүүгө кытайлык тектүү бийкени коштогон элчилерин жөнөтөт. Чигу шаарына кытай тынчысы жана элчиси Чжан Цзянь келет. Б. з. ч. 115-ж. Кытай менен келишим түзүлөт. Бул экинчи милдет болчу.

Б. з. ч. I к. башында Усундар мамлекетинин күнбагы Унгүйми такка отурганда Фейеан деген атка ээ болгон. Ал дагы кытайлык хан кызына үйлөнгөн. Фейван хунндарга каршы биргелешкев согуш аракетин жүргүзүү жөнүндө Хань империясы менен келишим түзөт. Б. з. ч. 71 -ж. усундардын 50 миң аскери кытайлардын 160 мин кишилик армиясы менен бирдикте аракеттенишип, хунндарга кыйраткыч сокку урган. Натыйжада чон олжолуу (40 миң туткун жана 700 миң баш мал) болушту. Ошол эле жылы алсыраган хунндарга кытайлар дагы бир нече жолу кол салып талкалашат. Ошентип, мурдагы кубаттуу дөөлөт кыйрап жок болгон.

Усундардын күч алышы Хань империясын тынчсыздандырган. Ага атаандаш эмес, тил алчаак шериктеш керек эле. Ошон үчүн кытай башкаруучулары акырындап усундардын ички иштерине кийлигишүүгө өтөт.

Кытайдын тарыхый хроникасы усундар менен «тынчтыктын жана туугандашуунун » кырк жылдык саясатынын жыйынтыгын чыгарьш: «Усундар эки тарап болуп турушат, ошондуктан алар менен кандайдыр бир келишимге келүү кыйын. Падышалардын аялдары (албетте кытай аялдары) усундарга бүлө болуп келишкенине кырк жылдан ашуун убакыт өтсө да эриш-аркак болуп жашап кете алышпады. Ушул себептен улам Кытай чек арасы чыныгы тынчтыкка туш боло албады»,~ деп өкүнүү менен белгилеген.

Биздин замандын чегинен тартып усундар жөнүндөгү акыркы маалыматтардын бири 435-ж. усундардын элчиси Дун-Жиндин отчетунда баяндалган. Бул учурда усундар жуанжуандардын (аварлардын) катуу каршылыгына туш болгон болчу. Б. э. 437-ж. усундар түрк тилдүү уруулардын бирикмелерине кошулган.

Усундардын мамлекети социалдык топторго жиктелүү жаңы эле пайда боло баштаган учурда түзүлгөн, уруулук түзүлүштүн таасири катуу сакталган өлкө болчу. Күнбагдардын бийлиги укум-тукумга өтүп, мурас катары берилип келген. Жогорку бийликтеги адам аксакалдар кеңешине таянган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик аппарат бир кыйла өнүккөн болчу. Мамлекеттик бийликте эле 16 миңден ашык адам эмгектенген. Күнбагдын өзү саны он миңден турган аскерге ээ болгон. Усундар жарым-жартылай көчмөндүү болуп, мал багышкан. Ошол эле мезгилде Чүй өрөөнүндө жана ЫсыкКөлдүн жээгинде жашаган эл отурукташып алып, дыйканчылык менен жан сакташкан. Тенсиздик аябагандай өнүгүп кеткен. Эн бай адамдар төрт-беш миңден жылкы кармашкан. Усундук коомдо кулдар да бар эле, бирок алар негизинен эркин общиналарда, үй чарбасында иштешкен. Негизги коомдук уюм болуп патряархалдык үй-бүлө эсептелинген. Көп аял алууга жол ачык болгон, жесир калган аялды күйөөсүнүн бир туугандарына никелештирүү адатка айланган.

Усундардын өздөрүнүн маданияты сактардыкынан бөлүнүп көрсөтүлө элек. Сыртынан караганда усундардын коргондорун сактардын коргондорунан айырмалоо мүмкүн эмес. Ошол себептен окумуштуулар сактардын жана усундардын коргондорун жалнылап сак-усун коргондору деп аташкан. Мындай коргондор Ысык -Көлдөн, ошондой эле Чүй өрөөнүнөн табылган. Усундук эстеликтерди изилдеген окумуштуулар булардын маданиятынын хунндардын маданияты менен бир топ окшоштуктары бар деп божомолдошот.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор