ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ анын ичинде, тышкы карыздарынын жалпы жыйындысы,  1986-ж. карата карыздардын суммасы 1 трлн. доллардан ашкан. Бүгүнкү күнгө бул сумма алда канча көп экени шексиз  жана ал күн санап өсүп көбөйүү тенденциясына ээ. Карыз болуу өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс  таасирин тийгизип, кризистен чыгууга тоскоолдук кылат. Карыздардын 40%ке жакыны Латын Америкасы өлкөлөрүнө  туура келет (Бразилия Мексика, Аргентина ж. б). Африка өлкөлөрүнүн ичинен эң көп карыз болгондор: Алжир, Нигерия,  Азияда – Индонезия, Филиппины ж. б. СССР жоюлгандан кийинки мезгилдерде мурунку союздук республикалардын  тышкы карыздары өтө тездик менен өсүүдө. Анын жыл сайын төлөнүүчү проценттери эле өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдүн экономикасы үчүн оор түйшүк. Орточо эсеп менен карыздарды төлөө жыл сайын улуттук кирешенин,  карыздын көлөмүнө жана жылдык процентине 30–60% сарпталат. Көп учурларда карыз берген өнүккөн өлкөлөр карыз  алган өлкөлөрдүн көз карандысыздыгына шек келтирүүчү саясий-экономикалык шарттарды да коюшат. Мындай  шарттарды аткарган өлкө өзүнүн андан ары өнүгүшүндө өз алдынчалыкты жоготот, экономикалык жактан, демек саясий  жактан да, дайыма көз каранды болуп калат.