ФИЛОСОФИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ

ФИЛОСОФИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ Декарттын философиясынын ж-а илимий көз карашынын толук ж-а иреттүү баяндалышын берген негизги эмгеги. Латын тилинде жазылып, 1644-ж. Амстердамда басылган. Эмгек «Философияны бүтүн жыйынтыктаган» чыгарма катары ойлонулуп, физикалык дүйнөнүн башталышын метафизикалык башталыштан келтирип чыгарган. Төрт бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктүн предмети — жалпы принциптери же таанып билүүнүн башталышы. Анда Декарт өзүнүн «Метафизикалык ой- чабытында» кеңири негизделген (философиялык ой жүгүртүүнүн башталышын издөө сыяктанган универсалдуу күмөнсүнүү; аң-сезим талаасынын аныктыгын негиздөө; аң-сезимден болмушка өтүү, онтологиялык корутунду: cogito, ergo sum; өзүн-өзү ж-а материалдуу дүйнөнүн бар экенин эмпирикалык таануунун зарыл шарты иретинде кудайдын бар экенин далилдөө) негизги гносеологиялык ж-а метафизикалык идеяларын схематикалык формада иштеп чыгат. 2-бөлүк — натурфилософиялык — картезиандык физиканын философиялык негизинин сүрөттөлүшүн түшүндүрөт. Физикалык түшүнүк-төрдү («сан», «мейкиндик», «убакыт», «кыймыл») баяндоонун салттуу иретин сактабай Декарт биринчи планга кыймыл ж-дө окууну алып чыгат да, биринчи инерция мыйзамын сомдоп айтат. 3-ж-а 4-бөлүктөрү ирети боюнча көзгө көрүнгөн дүйнөнүн башталышы м-н Жердин башталышына арналат; бул бөлүктөр Декарттын бирден- бир сакталып калган эмгеги болуп, космологиялык ж-а космогониялык маселелерди чечмелейт. Алар Декарттын сөзү м-н айтканда механиканын принциптеринен, бүт-күл дүйнөнү, бүтүндөй түзүлүштү түшүндүрүүгө аракеттенген жалпы очерк болуп «Дүйнө» (үзүндүлөрү калган) деген чыгарманын тиешелүү главаларынын кеңейтилген варианты болгон. 1647-ж. Декарттын досу окумуштуу — Аббат Пико которгон бул эмгектин французчасы чыккан. Французча текст латынчасынан кыйла айырмаланып, айрым купюлардан ж-а кеңири кошумча, кыпчыма киргизүүлөрдү кошуп камтыйт. Текстти салыштыруу 3-бөлүктүн аягы, 4- бөлүк бүт Декарттын өзү тарабынан которулуп, айрым жерлери жаңыдан жазылып чыкканын көрсөтөт. Басылмада кириш сөз ордуна көбүнчө автордун Аббат Пикого жазган каты кошо басылган. 1-орусча котормо 1914-жарыяланган.