ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997). Ч. 1948–1953-ж. Кыргыз мамл. айыл чарба ин-тунда окуган. 1956–1958-ж. Москва шаарындагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курстун угуучусу болгон. Ч. А. жазуучулук ишмердигин студент кезинде баштаган. Анын алгачкы чыгармасы «Газетчи Дзюйо”, «Ашым” аңгемелери 1952-ж. «Кыргызстан” деп аталган альманахка орус тилинде жарык көргөн. 1953-ж. «Ак жаан” аттуу аңгемеси кыргыз тилинде, «Сыпайчы” аңгемеси орус тилинде, 1954-ж. «Кайракта”, «Түнкү  сугат”, 1955-ж. «Асма көпүрө” аттуу аңгемелери жарыкка чыккан. Жазуучуга алгачкы чыг-лык чоң ийгиликти «Бетме-бет” (1957) ж-а «Жамийла” (1958) повесттери алып келген. Бул повесттер жарык көрөр м-н эле адабий коомчулук тарабынан кыргыз адабиятындагы жаңы сөз, жаңы көрүнүш катары баа берилип, жакшы кабыл алынган. «Бетме-бетти” жазуучу чыг-лык жолунун чыныгы башталышы, адабий дебюту катары атайт. Адабий дебют бул жерде жеке чыг-лык планда, жазуучунун чыг-лыктагы  өз чыйырынтабуусу, алгачкы саамалыгы, ийгилиги маанисинде айтылат. Бирок бул башталышты, бул ийгиликти жалаң  эле Ч.Айтматовдун ийгилигинин жеке башталышы катарында эмес, о. эле улуттук көркөм адабиятыбыздын  өнүгүшүнүн жалпы табиятындагы жаңы сапаттык бурулуштун башталышы катары туюнууга да болот. Буга чейин кыргыз совет прозасында адамды жөнөкөйлөштүрүп, бир беткей, формалдык логиканын чегинде үстүртөн, жалпы сүрөттөө үстөмдүк кылып келген болсо, «Бетме-бетте” каармандын ички дүйнөсүндөгү  диалектикалык карама-каршылыктар көркөм изилдөөнүн негизги өзөгүн түзүп турат.

«Жамийла” повести жазуучуга дүйнөлүк атак алып келди. Бул повесть өзүнүн идеялык-эстетикалык жаңычыл сапаты м-н кыргыз көркөм сөз  өнөрүн жаңы бир бийик баскычка көтөрдү. Казак окумуштуусу ж-а жазуучусу М. Ауэзов «Айтматовдун повести психологиялуу, табигый ж-а жөнөкөй… Бул кыргыз прозасындагы жаңы көрүнүш” деп жалпы союздук окурмандардын алдында адил сөзүн айтып чыкса, француз жазуучусу Луи Арагон француз тилине повестти которуп, аны «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деп дүйнө жүзүнө жар салып, бийик баасын берген. Бүгүнкү күндө «Жамийла” дүйнөнүн жүз элүүдөн ашык тилдеринде жарык көргөн.

1961-ж. «Делбирим”, «Ботогөз булак”, «Биринчи мугалим”, 1963-ж. «Саманчы жолу” повесттери, 1964-ж. «Кызыл алма” аттуу аңгемеси басмадан жарык көргөн. «Саманчы жолунда” жазуучу Адам м-н Жердин  өз ара сүйлөшүүлөрү сыяктуу шарттуу ыкманы чеберчилик м-н колдонгон. Алар замандын өзгөрүшү, саясаты м-н экономикасы, адам баласы, анын  өмүрү  ж-а жашоосу, кулк-мүнөзү, ой-пикири, келечеги ж-дө  кеңири сөз кылышат. Жазуучу бекеринен Жердин образын символдоштурбайт. Жер адам баласынын тагдыры м-н ортоктош. Жер-Эне м-н Адам-Эненин ортосундагы сүйлөшүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири – жалпы адамзатка орток идеялардын орун алышы. Чыгарманын бет ачарында эле улуу муундун кийинки муун үчүн жоопкерчилик парзы тууралуу филос. ой айтылат. Жер-Эне адамзаттын чектелген көз карашын жоюуга, нечен жылдар кыйнаган суроолорун чечмелөөгө жооп берет. «Саманчы жолунда” адам бекем эрки ж-а кайраты, жашоого болгон сүйүүсү м-н улуу ж-а сыймыктуу деген идеяны даңазалаган. «Делбирим”, «Ботогөз булак”, «Биринчи мугалим”, «Кызыл алма”  –  нравалык-этикалык темага арналган чыгармалар. 1966-ж. «Гүлсарат” повести жарыкка келер м-н эле жергиликтүү ж-а борбордук басма сөздө рецензиялар, макалалар удаа-удаа жарыяланган. Повесть жазуучунун чыг-лыгындагы жаңы этаптын башталышы катары белгиленген. Себеби, ушундан баштап жазуучунун чыгармаларынын идеялык–эстетикалык мазмуну курч соц. мүнөзгө  ээ боло баштаган. «Ак кеме” (1970) повестинде өнүктүрүлгөн ойлордун борбордук түйүнүн Бугу-Эне жөнүндөгү жомок түзүп, жазуучу тарабынан миф м-н реалдуулук өтө чебер кыйыштырылып пайдаланылган. Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар” (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. Жазуучу «Манас-Атанын ак кар, көк музу” аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги «Аксай десанттары”: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт. «Деңиз бойлой жорткон аладөбөт” (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. «Кылым карытар бир күн” (1980), «Кыямат” (1986), «Кассандра тамгасы” (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү  басымы алдында адам  өзүнүн жеке адамдык  өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын,  өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу м-н адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.

Ч. А. о. эле публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң  чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлош” (орус тилинде), «Биз дүйнөнү  жаңыртабыз, дүйнө  бизди жыңыртат” (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең  ачып бере билүү  чебердиги, көркөмдүгү  м-н анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө  тартып турат. Япон философу Д. Икэда м-н «Духтун улуулугуна ода” (1993), казак акыны ж-а коомдук ишмер М. Шаханов м-н «Жар  боюнда боздоп калган аңчынын ыйы” (1996) аттуу диалогдору  –  да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук-фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар.

Ч. Айтматовдун чыг-лыгы улуттук адабиятыбыз үчүн эле эмес улуттук иск-вобуздун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасири тийгизди. Ч. Айтматовдун чыг-ларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт иск-восунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду. ЮНЕСКОнун билдирүүсү  б-ча Ч. Айтматов бүгүнкү  күндө  чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилинде которулуп, бир нече ирет чоң тираж м-н (1998-ж. жалпы  саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. «Айтматов таануу” деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү ж-а президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын Кыргызстандык ж-а чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж. б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр ж-а маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу ин-ту түзүлгөн. О. эле Бишкекте «Айтматов чыгармаларынын китепканасы”, 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ