ШЕЛЛИНГ ФРИДРИК ВИЛЬГЕЛЬМ

ШЕЛЛИНГ Фридрик Вильгельм — Иозеф (1775-1854) — немец философу; Йенде, Вюрцбургда, Эрла Генде, Мюнхенде ж-а Берлинде окутуучу болгон. Немец идеализминин көз карашынан алганда ал (Фихте ж-а Гегель м-н бирге анын негизги өкүлдөрүнөн болуу м-н) бул багытты романтикалык өңүттө өнүктүргөн; өз көз карашын көп ирет өзгөртө бергендиги үчүн ал «философиядагы Протей» деген атка конгон. Кантка, андан да көбүрөөк Спиноза м-н Фихтеге ыктоо м-н, ал табигый күчтөрдүн («потенциялардын») иерархиясы тууралуу жазгырма натурфилософияны түзүп, акыр аягында ал түгөйлөштүктүн философиясына айланган. Ал окуу боюнча: субъект м-н объекттин, реалдуулук м-н идеалдуулуктун, жаратылыш м-н рухтун карама- каршылыгы идеалдуулук м-н реалдуулуктун түгөйлөштүгүн билдирген абсолютта жоюшуп кетет. Ш-дин пикири боюнча бул абсолют түздөн-түз, айталы, интеллектуалдык сырттан көз жүгүртүү кезинде ж-а искусстводо таанып-билинет. Алар философия м-н тең укукта, же көбүнчө андан да бийик болуу м-н, бардык бөлүнгөн нерселерди бириктирип турат. Эмпирикалык деңгээлде турмуш көрүнүштөрүндө негизинен бирде жаратылыш, бирде рух басымдуулук кылат. Ушуга ылайык жаратылыш бийлиги м-н рух бийлиги (тарых катарларды (өнүгүүнү) түзүшөт, ал эми алардын айрым алынган баскычтарын Ш. «потенциялар» деп атайт. Бул «потенциялар» бири-бирине өздөрүнүн жалпы баштапкы негизи, абсолюту боюнча гана жакын түгөйлөш, демек, баскычтар биринин артынан бири келип чыкпайт, алар өзүнөн өзү абсолют тарабынан бөлүнүп чыгып, толук түрдө таралууга жетишет. Ш-дин өнүгүү ж-дөгү окуусу да Гегелдики сыяктуу эле идеалисттик болуп саналат. 1807-жылдан баштап Ш. адамдын эркине негизделген адам эркиндиги ж-а анын Кудайга карата мамилеси ж-дөгү проблемага кайрылат. Ш. өзүнүн дин тарыхынын метафизикасында соңку диний илимдин (дин ж-дөгү илимдин) негиздерин өнүктүргөн. Анын философиялык өнүгүүсүнүн акыркы мезгили терең ойлуу, түшүнүүгө татаал мистика м-н мүнөздөлөт.