ЫРЧЫУУЛ (ЫРАМАНДЫН ЫРЧЫ УУЛ)

ЫРЧЫУУЛ, Каратай – кырк чоронун бири. «Манас” эпосунун варианттарынын бардыгында кырк чоронун катарында «Ырамандын ырчы уул» деген ылакап аты менен аталат да өз ысымы эскерилбейт. Манастын Орго кан менен болгон согушунда Оргонун аялы Санамкүл  өзүнүн эки баласын алып, Манаска көп тартуу менен келип жан соога сурайт. Каратайдын ишке жөндөмдүү, өзү  сөзмөр, шок, ар нерсеге ыктуулугун байкаган Манас аны Санамкүлдөн жигиттикке сурап алат. Кийин Каратай аты калып Ырчыуул деген ылакап аты менен белгилүү  болот. «Айтканынан баар таап, Талабына жеткен кул, Ырамандын Ырчыуул,  Ычкыры бапик, кырк муун, Тебетейи чоктуу кул, Айтаарга сөзү  шоктуу кул, Кылабына толгондо Кырк чоронун бири бул Адегенде Ырчыуул «Насили казак улуу жүз» деп эскерилсе, кийин ал өзүн тейитмин дейт. Ырчыуул атайылап Манасты издеп чыгып, ага жолугуп чоро болот. Манаска адил кызмат өтөө менен бирге, ал өлгөндө анын уулу Семетейге башка чоролордой чыккынчылык кылбайт, ага колдон келген көмөгүн көрсөтөт. Ырчыуул чоң  ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат. Элде «Манасты» алгачкы айткан акын ушу Ырчыуул болгон деген аңыз сөз калган. Манас өлгөндө анын баатырдык иштерин Ырчыуул кошок кылып айткан. Эл ичинде сакталып калган ошол кошокторду кийин Токтогул ырчы бир чыгармага бириктирген экен деп айтылат.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ