ЫСЫККӨЛДӨГҮ КОКОН ЧЕПТЕРИН ТАЛКАЛОО АРАКЕТТЕРИ

19-к-дын 40-жылдарында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көзкаранды эместик үчүн кыймылы күчөп, Кыргызстандын түндүктүштүгүндөгү кеңири аймакты камтыган. Буга 1842-ж. ордодогу козголоң ж-а Мадалы хандын өлүмү оңтойлуу 277 шарт түзгөн. Анткени козголоң чыгарган феодалдык топтордун чыр-чатагы, бийлик талашкан ичара күрөштөрү хандыкты начарлаткан, Ордодогу окуяларга алагды болгон кокондук төрөлөр кыргыз элинин боштондук кыймылын тез арада басып коё алмак эмес ж-а ага кудурети жеткен эмес. Айрым аймактарда бул жылдары кыргыздар кокондук чептерди кыйратууга аракет жасашкан. Бөтөнчө Ысыккөлдүк кыргыздардын кыймылы баскынчыларды кыйла кыйынчылыктарга, зор жоготууларга дуушар кылды. Көл кылаасындагы көтөрүлүш 1842-ж.башталып, ага көпчүлүк айылдардын калкы катышкан. Элдик кыймылды токтотуп коюуга чептерде жетиштүү сандагы сарбаздар жок эле. Каракол, Барскоон ж-а Коңурөлөң чептеринде 40–60тан гана сарбазы бар чакан кошуундар турган. Сарбаздар соода кербендерин кайтарчу ж-а зекет жыйноодо зекетчиге көмөк көрсөтүшчү. Алар кыргыздардын кысымына туруштук бере алышкан жок. 1843-ж. Ормон хан башкарган кыргыздар кокондук кошуундарды, зекетчилерди Ысыккөл өрөөнүнөн кууп чыгып, алардын чептерин талкалашкан. Натыйжада, Ысыккөл ойдуңунда Кокон хандыгынын үстөмдүгү жоюлуп, кыргыздар хан бийлигинен убактылуу кутулган.