ЭНЕСАЙДА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ДИНЛИН ЭТНОГЕНЕЗИ

Кыргыз урууларынын тарыхын биздин заманга чейинки 201-жылдан бери тарта эсептөө кабыл алынган, анткени ошол жылы кытай булактарында биринчи жолу кыргыз аты кытай формасында цзянь-кунь же гэгунь деген транскрипцияда пайда болот. Уруунун аты тарыхый аренада уруу түзүлгөндөн кийин гана пайда болору шексиз нерсе. Бул жобо толугу менен кыргыздарга да тийиштүү. Биздин заманга чейинки үчүнчү кылымдын акыры — кыргыздардын биринчи жолу жазма булактарда чагылтылган тарыхынын пайда болушунун так датасы эмес, бир этабы гана болгондугу талашсыз.

Рефератты көчүрүү