1840-1850-жж. БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ САЯСИЙ КЫРДААЛ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛДҮК КЫРГЫЗДАРДЫН РОССИЯ БУКАРАЛЫГЫН ТААНУУСУ

XIX к. 40-жж. Түндүк Кыргызстанда саясий кырдаал белгилүү өлчөмдө аныкталган. Анткени, бул жакта айрым уруулар саясий жактан биригүүгө, кээ бирлери уруулук-уруктук денгээлдеги өз алдынчалыкты камсыз кылууга аракет кылгандыгы байкалат.

Түндүк Кыргызстандын чегиндеги саясий биримдикти орнотууга багытталган сарыбагыш манабы Ормон Ниязбек уулунун аракеттери айрым уруу төбөлдөрүнүн сепараттык маанайдагы мүдөөлөрү менен коштолгон. Алсак Ысык-Көл кыргыздары Ормондун хан жарыяланытына жооп кылышып манап Боромбай Бекмурат уулун бугу уруусунун башчылыгына көтөрүшкөн.

Сарыбагыш жана бугу урууларынын бий-манаптарынын өз ара тирешүүсү алардын тышкы саясатьша да терең таасирин тийгизген. Ормон хандын мамлекеттик биримдик түзүп, орустар менен мамилени так аныктоо боюнча мүдөөлөрүн бугу манаптары колдогон эмес. Анын натыйжасында орус администрациясы бугу кыргыздары менен тыгызыраак алака күтүү саясатын жүргүзүп, бугуларды алгачкылардан кылып Россиянын курамьгаа кабыл алган.

Сарыбагыш жана бугу урууларынын бий-манаптарынын бир нече жылга созулган ич ара тирешүүсү XIX к. 50-жж. жанжалга — бугу-сарыбагыш чабышына алып келген. Ормон хая бугуларга каршы согуштук аракеттерди жүргүзүү менен Ысык-Көл кыргыздарын өзу курууга ниеттенген хандыкка толук моюн сундурууга умтулган. Экинчиден, Ысык-Көл кыргыздарынын бейжооп Россия менен жакындашышы Ормон ханга жаккан эмес.

Бул жанжалдагы чабыштардын биринде, 1854-ж. Ормон хан колго түшүп, өлтүрүлөт. Ормондун кунун кууган сарыбагыштар, Ормондун кол башчысы Төрөгелдинин жана Ормон уулу Үмөтаалынын жетекчилиги менен кайра-кайра жортуул уюштуруп, бугулардын тынчын алган. Боромбай баш болгон бугунун бир топ айылы Каркыра менен Текеске чегинет.

Уруу башчыларынын саясий тирешүүлөрүнүн натыйжасында болгон өз ара чабышта карапайым калк өзгөчө жапа чегип, кыргынга учураган. Бул жөнүндө Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталган ыр төмөндөгүдөй баяндайт:

Сарыбагыш менен бугудан,

Саяк менен чородон,

Санат жеткис көп өлдү,

Сары-Булак, Күрмөнтү

Акпай суусу бөгөлдү.

Кедей начар көп өлдү,

Кемер жерлер бөгөлдү,

Алсыз начар көп өлдү,

Аң ченектер бөгөлдү.

Мына ушундай коогаландуу шартта бугунун бага манабы Боромбай кыргыидан кутулуунун бирден-бир ылаажысы Россиянын букаралыгына өтүү деген бүтүмгө келет. Ушундай максат менен маиап Качыбек Шералин баштаган бугунун элчилиги 1854-ж. 26-сентябрда Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун борбору Омск шаарына барышкан. 1855-ж. 17-январында Омскидеги ак сарайда өз элинин ишенимдүү жана ыйгарылган өкүлү катары Качыбек Шералин Россиянын карамагына өткөндүгү жөнүндө куран кармап ант берген. Ысык-Көл кыргыздарынын Россияга расмий түрдө кошулушу кыргыздардын тарыхында маанилүү окуя катары бааланат. Ушул окуядан кийин 50-жж. орто ченинде башталган бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосундагы жанжал басандаган. Бирок, эки уруунун ортосундагы чыр-чатак Түндүк Кыргызстан Россиянын карамагыиа толук киргизилгенге чейин (1868-ж.) тыйылган эмес.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор