1917—1940-жж. ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл агартуу комиссариаты түзүлүп, жер-жерлерде элге билим берүү бөлүмдөрү иштей баштаган. Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрүнөн элге билим берүү Советтери түзүлүп, мектептерде билим берүү иштери колго алынган.

1918-ж. Бишкек уездинде 8 миң окуучу окуган 69 мектеп, Пржевальск уездинде 56 мектеп болгон. Бул мектептердин теңине жакыны жаңы ачылган. Ош уездиндеги 13 мектепте 36 мугалим эмгектенген.

Жаңы экономикалык саясаттын жылдарында Түркстан АССРиндеги бардык мектептер жергиликтүү бюджетке өткөрүлгөн. Бирок алар мектептердин жөнөкөй муктаждыктарын да канааттандыра алган эмес. Мугалимдер эмгек акысын натуралай алышкан.

1925-окуу жылында Кыргызстанда биринчи баскычтагы 465 мектеп, бир нече экинчи баскычтагы мектептер жана интернаттар иштеген. Окуунун бардык түрлөрү боюнча 32 миңден ашуун бала билим алган. Бирок алардын арасында кыздар өтө эле аз санда болгон. Эне тилиндеги жазуунун жоктугуна байланыштуу кыргыз балдары казак, татар, өзбек тилдеринде окуган. Кыргыз тилинде окуу китептерин жазып чыгарууда И. Арабаев, К. Тыныстанов өзгөчө эмгек сиңиришкен. 1924-ж. И. Арабаевдин «Кыргыз алиппеси» деген эмгеги Ташкенттен чыккан. Бул кыргыз тилиндеги биринчи окуу китеби эле. Ошол эле жылы дагы 12 китеп, 28 миң нускада чыгарылган. Алардын ичинде К. Тыныстановдун кыргыз тилине арналган окуу китептери бар эле.

Улуттук мугалимдердин пионерлери, өз заманынын берилген агартуучулары И. Арабаев, М. Байгазаков, Ш. Сатылганов, А. Исаева, Э. Сүтичеров, 3. Кыдырбаев, А. Койгелдиев, О. Жумалиев ж. б. болгон. Кыргыз улуттук мектептерин уюштурууда жана алардын иштерин жакшыртууга орус педагогдору Н. Ивановский, А. Лобанов, И. Локтионов, А. Сапожников ж. б. чоң салым кошушкан. Кыргызстандагы алгачкы мугалимдердин баатырдык эмгектери Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» аттуу повестинде реалдуу чагылдырылган.

1927-1928-окуу жылында 548 мектепте 42,5 миң окуучу окуган. Алардын 5044 биринчи баскычтагы, 26сы жогорку баскычтагы мектептер, 13 балдар үйү болгон. 1925-ж. Оштогу алты айлык курстардын негизинде бир жылдык педагогикалык техникум уюшулган. Ушул эле жылы Бишкек менен Караколдогу тогуз жылдык мектептер айыл чарба техникумдарына айланган. 1925-ж. болсо Бишкекте агартуу институту ачылган. 1925-1926-окуу жылында Бишкекте, Караколдо, Жалал-Абадда аялдардын кесиптик-техникалык мектептери ачылат. Мындан тышкары советтик-партиялык мектептер ачылып, анда келечектеги жетекчи адистер даярдала баштаган.

1929-ж. Кыргызстандын атайын орто окуу жайларын жүздөн ашуун адистер бүтүрүп чыккан. Ушул жылы Кыргыз педагогикалык техникумун 21, кийинки жылы 47 адис бүтүргөн. Алардын арасында кийин элге белгилүү болгон А. Малдыбаев, Г. Айтиев, К. Жантөшев, М. Элебаев, У. Абдукаимов, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов, М. Алыбаев ж. б. болгон.

Кийинки жылдары Кыргызстандын кесиптик окуу жайлары өнүгүү жолуна түшүшүп, анда миңдеген адистер даярдала баштаган. Мугалимдердин жана адистердин көбөйүшү калктын сабатсыздыгын жоюу ишин жакшырткан. Сабатсыздыкты жоюу иши 1920-жж. эле башталган. Ушул максатта Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын комиссия жана «Сабатсыздык жоюлсун» аттуу ыктыярдуу коом түзүлгөн.

1926-ж. СССРдин калкынын сабаттуулугу 51,1 пайызга жеткен. Ал эми бул көрсөткүч Кыргызстанда 15,1 процентти түзгөн.

1928-1929-окуу жылында ликбездерде (сабатсыздыкты жоюучу мектептер) окуу латын алфавитинде жүргүзүлгөн. Бул алфавитте сабатсыздыкты жоюуга арналган X. Карасаевдин, А. Шабдановдун жана С. Нааматовдун китептери чыккан. Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу үчүн чыныгы күрөш башталып, ал: «Сабаттуу сабатсызды окут!» деген ураан менен жүргөн. Малчылардын, аялдардын сабатсыздыгын жоюуга айрыкча көнүл бурулган.

Сабатсыздыкты жоюуда 1930-ж. башында Кыргызстанда жүргүзүлгөн маданий журуш чоң роль ойногон. Бул ишке атайын уюштурулган комиссия жетекчилик кылган.

Аракеттердин натыйжасында 1929-1930-окуу жылында ликбездерде 100 миң адам окуп, алардын 73 миңи окуганды жана жазганды үйрөнгөн. Ушундан кийин сабатсыздыкты жоюу ишинде бурулуш башталган. 1930-ж. чала сабаттууларга жардам катары «Сабаттуу бол!» деген газета чыга баштаган. Республикада сабатсыздыкты жоюш үчүн Кыргыз АССРинин ЭКСинин төрагасы жетектеген штаб түзүлгөн. Эгер буга чейин сабатсыздыкты жоюуга негизинен коомчулуктун каражаттары жумшалса 1934-1935-окуу жылынан тартып, бул иш мамлекеттин колуна өткөн. Ушул эле жылы республикада 181,5 миң адам сабатсыздыгын жойгон. 1936-ж. Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында сабатсыздыкты жоюу боюнча башкармалык уюшулган.

Бул иштин жүрүшүндө алфавиттин эки жолу которулушу сабатсыздыкты жоюуда, жалпы эле эл агартуу ишинде тоскоолдук кылган. Бирок кыйынчылыктарга карабастан 1939-ж. эл каттоо боюнча республиканын 9дан 49 жашка чейинки адамдарынын сабаттуулугу 78,3, шаар калкыныкы 85 пайызга жеткен. Ал эми 50дөн өткөн адамдардын көбү сабатсыз бойдон калган. Ошентип, 1940-ж. чейин республикада сабаттуулук үчүн күрөш чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок сабатсыздык биротоло жоюлган эмес.

Согушка чейин элге билим берүү сан жагынан гана өспөстөн сапаты да жакшырган. Алсак, 1937-1938-окуу жылында республикада 1358 башталгыч, 327 жети жылдык жана 62 орто мектептер болгон. Мугалимдер эки эсеге көбөйгөн.

Ошентип, 20-30-жж. Кыргызстанда элге билим берүүнүн социалисттик системасы калыптанган. 1930-1931-окуу жылында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч биллм берүү киргизшгген.

Совет бийлигинин калктын, өзгөчө жаш муундардын билим деңгээлин көтөрүүгө кылган аракеттеринин натыйжасында 30-жж. аягында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү иши ийгиликтүү аяктаган. Ушул ийгиликтин негизинде 1935-ж. шаарларда, ал эми 1937-ж. айыл-кыштактарда жалпыга милдеттүү жети жылдык, шаарларда он жылдык билим берүү иши башталган.

1930-жж. Кыргызстанда атайын орто жана жогорку окуу жайлары да өнүгө баштаган. 1937-ж. республикада 12 техникум жана 5 орто медициналык окуу жайлары иштеп, аларда 3 миң окуучу окуган. Бул 1932-1933-окуу жылына салыштырмалуу эки эсеге көп болгон. Экинчи беш жылдыкта атайын орто окуу жайлары 1,4 миң адистерди даярдаган.

1933-окуу жылында кыргыз элинин тарыхындагы биринчи жогорку окуу жайы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институту ачылган. Бул окуу жайынын калыптанып, өнүгүшүнө Москва, Ленинград ж. б. шаарларынан келген окумуштуу-педагогдору чоң жардам беришкен. 1936-ж. институтту 46 адис бүтүргөн, алардын 13 кыргыздар болгон. 1933-ж. Бишкек айыл чарба техникумунун базасында Кыргыз зооветеринардык институту ачылган. Ал эми 1938-1939 окуу жылында Кыргыз Мамлекеттик медициналык институту ишке киришкен. Ошеитип, 1940-1941-окуу жылында Кыргыздардын улан-кыздары 6 жогорку, 34 атайын орто окуу жайларында билим ала баштаган. Жогорку окуу жайларында республика үчүн илимпоздор даярдала баштайт. 1937-ж. Кыргыз өкмөтүнүн алдында илим боюнча комитет түзүлүп, республикадагы илимдин борборуна айланган. Согуштун алдында республикада 13 илим-изилдөө мекемеси болуп, анда 323 илимий кызматкерлер иштеген, алардын арасында илимдин 13 доктору жана 45 кандидаттары эмгектенген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор