5 күн бою уктабай 875 чакырымды жүгүрүп өткөн адам дүйнөнү кантип таң калдырды?

Жер шаарыбызда жашоону өзгөрткөн окуялар байма бай катталып келет. Мындай окуялар адам баласына дем берип, шыктандырып, мыкты сезимдерди тартуулап, инсандык каситетин жогорулатат. Кызыгы, мындай окуялардын каармандары болуп карапайым, жөнөкөй инсандар чыга келет.

Австралиялык жөө күлүк Клифф Янг жана 6 күндүк супермарафон тууралуу уктуңуз беле? Адам баласы 5 күн 6 түн, же 135 саат уктабастан жана тынбастан 875 чакырымды жүгүрүп өтө алабы, кандай ойлойсуз. 135 саат, 875 чакырым, уктабастан. Кантип болсун деп ойлосоңуз керек. Анда эмесе билбесеңиз билип алыңыз, көңүлүңүзгө илип алыңыз.

Сиднейден Мельнбурнга чейинки аралыкты түзгөн супермарафонду чуркап өтүү үчүн 5 күндөн ашык убакыт керектелет. Бул супермарафон дүйнөлүк атакка ээ болуп ага жаш жана чыйрак жөө күлүктөр катышат. Бул күлүктөрдү дүйнөлүк даңкы бар спорттук компаниялар колдоп бардык шаймандар менен каржылайт.

1983 жылы дал ушул сепермарафонго катышуу үчүн элдин баарын таң калдырып чабандын кийиминдеги жашы өтүп калган кызыктай кейиптеги адам чыга келет. Бул адам жөнөкөй фермердин кийимин кийип, өтүгүнүн сыртынан көлөч илип алган эле. Алгач көргөндөр аны жөн гана мелдешти көрүү үчүн келсе керек деп ойлошкон, бирок, качан ал катышуу үчүн катоодон өткөндө бул улгайган жөө күлүктүн ниетин чындап түшүнүшөт. 64 номуруна ээ болгон соң катышуучулардын катарына турган кезде теле алып баруучулар тегеректеп алып суроолорун бере баштайт:

— Саламатсызбы, атыңыз ким, эмне максатта келдиңиз?

— Мен клифф Янг. Мен Мельнбурдан алыс эмес жерде койлорду жана уйларды багам.

Ушул сөздөрү менен жөнөкөй, жүгүрүүгө шарты жок, жашы өтүп калган фермер жаш спортчулар менен бирге күч сынашууну чечет.

Ал убакта Клифф Янг аттуу бул жөө күлүк 61 жашта болгон.

Быссмылда деп марафон башталышы менен эле профессионал спротчулар көлөч кийген Клиффти узакка калтырып кетишет. Айрым көрүүчүлөр буга боору ооруп «байкуш» дешсе, кээ бирлери ачык эле шылдың кылышкан. Акыркы келе жаткан спортчуну сыналгы аркылуу көптөгөн көрүүчүлөр байкоо салып, айрымдары «өлүп калбаса болду» дешип сарысанаага батышат. Демөөрчүлөрдүн бири абышкага боору ачып ага жеңил бут кийим жана спорттук форма кийгизет.

Марафондун ар бир катышуучусу 5 күндөн ашык жүгүрүү керкетигин жана ал үчүн күн сайын 18 саат жүгүрүп 6 саат уктап эс алуу керектигин билишет эле. Бирок Клифф Янг муну эч билген эмес. Мелдеште уктаса болоору тууралуу дагы эч кабары жок эле. Андыктан ал башкалар уктап жатканда түнү бою жүгүрүп эс алуусуз өткөрөт. Эртеси таңда Клифф уктабастан жүгүрүп Митагонг шаарына жетип калганын адамдар угушат.

Бирок КЛифф түндү эс алуусуз өткөрсө дагы, мындай жигердүү аракети менен башка чыгаан күлүктөрдөн өтө эле алыс болчу. Антсе дагы ал жол боюндагы көрүүчүлөр менен жылуу саламдашып өтүп жатты.

Ар түнү КЛифф уктабастан алдыдагыларга уламдан улам жакындай берип, акыркы түн дегенде дүйнөлүк атагы бар атлеттерди ашып өтөт. Акыркы күнү таңда ал бардыгынан алдыда эле. Ошентип 61 жаштагы Клифф Янг көпчүлүктүн духу жетпеген супермарафонду аман-эсен жүгүрүп гана өтпөстөн, биринчи болуп келип, ошондой эле рекордду 9 саатка жаңылап улуттук баатыр болуп кала алган.

Клифф Янг 875 чакырымды 5 күн, 15 саат жана 4 мүнөттө уктабастан   багындырган.

УНикалдуу жана уйкусуз жөө күлүктүн сыры анын өмүр бою фермада кой кайтарып, жайлоодо жүгүрүп өткөргөндүгүндө болгон. Чагылган түшүп катуу бороон башталганда койлорду чогултуу үчүн чыгат эле. Ал үчүн аянты чоң жайлоолорду кыдыруу керек болчу. Кээде качкан койлордун аркасынан жүгүрүп кармоого туура келип ал үчүн 2-3 күн убактысы дагы кетет эле. Ошол себептен ал 5 күндүк супермарафон тууралуу уккан замат катышууну чечет, себеби, бул мелдеш фермадагы марафонунан 2 эле күнгө узагыраак эле. Мелдеште ал качып бара жаткан койлорду чогултуп жатам деп элесетип жүгүрө берген. Ошентип мелдешти да жеңип алган.

Дагы бир кызыгы Клифф биринчи орун үчүн берилчү 10 миң долларды алуудан баш тартып кийинки келген 5 атлетке 2 миң доллардан бөлүп берген. Муну ал акча үчүн катышпаганын билдирген жана өзүнө бир тыйын дагы алган эмес. Ушундан кийин жөнөкөй, колу ачык Клиффти бүткүл Австралия сүйүп калат. Бир жолу адамдар анын сааты жок экенин байкап кол саат белек кылышат. Бирок, Клифф ыраазычылыгын билдирип кичинекей балага берип коет. КЛифф Янг сааттын эмне кереги бар экенин аңдаган эмес, себеби, ал качан күн, качан түн жана качан ачка болуп жатканын билүү үчүн сааттын кереги жок экенин билген.

Клиффорд Янг 2003 жылы 2 ноябрда 81 жаш курагында каза болгон.

Жөнөкөй чабан  6 күндүк супермарафонду жеңип алган, себеби, мелдеш учурунда уктоого мүмкүн экенин билген эмес.

Жана акырында айтып кетчү сөз, келиңиздер китеп окууга көңүл бөлөлү. Инсан бир гана тагдырды көрөт, бирок, китеп аркылуу миңдеген тагдырды башынан өткөрө алат. Китеп аркылуу акча коротпостон эле дүйнөнү кезе алат, мезгил машинеси жок деле өткөн доорго бара алат, илгерки илимди ала алат. Адам китеп аркылуу өзүн өнүктүргөндөй башка эч нерсе менен өнүктүрө албайт. Андыктан китепке көңүл буралы, жан дүйнөбүздү байыталы.

Төмөндө макаланын видеоверсиясы менен таанышыңыз