Рубрика: Инсандар

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936). Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү

Кененирээк окуу

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ (1911–1994 Түп р-ну)  –  котормочу, белгилүү  тилчи, окумуштуу. 1940-ж. Кыргыз Мамл. педагогикалык ин-тун бүтүргөн. 1961-жылдын өмүрүнүн аягына чейин Баласагын атн. КМУнун ага окутуучусу, доцент, ардактуу профессору болуп иштеп келген.  1933-ж. Т. Байжиев м-н бирге 3–4-класстар  үчүн кыргыз тилинин алгачкы окуу куралын чыгарган. 1949-ж. кыргыз

Кененирээк окуу

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ

КОЖОМБЕРДИЕВ  Турар (1941, Калинин р-ну  –  1989, Фрунзе)  –  акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын  лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө  жарыялана баштап, 1961-ж. «Көлчүктөгү  ай” деген балдар  үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган,

Кененирээк окуу

НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан,

Кененирээк окуу

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

СОЛТОНОЕВ Белек (1878, Кемин району  – 1938, репрессияга туш болгон) – Кыргыз тарыхчыларынын эң алгачкыларынын бири, көрүнүктүү тарыхчы. Атактуу «Кызыл кыргыз тарыхы” кол жазма тарыхынын автору. Белек 7–8 жаш курагында молдодон окуп, сабатын ачкан. Бишкекке келип бак өстүрүүчүлөрдүн эки жылдык даярдоо

Кененирээк окуу

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1969), Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги (1954), коомдук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулгаы. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай балалык чагында турмуштун далай кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Табигый таланты бар болочок

Кененирээк окуу

ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ

БОРОНЧИЕВ  Ысмайыл (1910, Чүй  өрөөнү –  1978, Бишкек) Б. жашынан эле ырга ыкласы түшкөн. 1936-ж. филармонияга кабыл алынышы анын талантынын жетилишине, көп кырдуу  өнөрүнүн калыптанышына мыкты шарт түзгөн. Б. биринчи көрүштө эле Калык:   Акындык деген кен болот, Агып жаткан майга окшоп. Маалында жутуп калбасаң, Батып кетет

Кененирээк окуу

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн.

Кененирээк окуу

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

ОСМОНОВ  Алыкул (1915–1950, Панфилов р-ну)  –  көрүнүктүү  кыргыз акыны. 1929–33-жылдары Фрунзе педтехникумунда окуган. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы – «Таңдагы ырлар” 1935-ж. басылып чыккан. 1937-ж. «Жылдыздуу жаштык” жана  «Чолпонстан” жыйнактары жарык көргөн. Акындын көзү тирүүсүндө мындан тышкары «Махабат” (1945), «Жаңы ырлар”, «Менин жерим

Кененирээк окуу

ЗУУРА СООРОНБАЕВА

СООРОНБАЕВА Зуура (1924-ж. т., Аксуу району ) – жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1996). Чыгармачылык жолун 1946-ж. «Эки жаш”, «Учкуч кыз”, «Корея кызына” ырларын «Ысыккөл правдасы” гезитине жарыялоо менен баштаган. Алгачкы

Кененирээк окуу