Рубрика: Инсандар

БАРПЫ АЛЫКУЛОВ

АЛЫКУЛОВ Барпы (1884, Сузак р-ну – 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу  ойчул акын. Ал  он беш жашынан эл алдына ырдап чыккан. 30-жылдардын башында катуу ооруп, эки көзү жакшы көрбөй калат. Ошондон улам коомдук турмушка жалаң  ырчылык  өнөрү, нускалуу сөз күчү  м-н

Кененирээк окуу

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Түп р-ну – 1968) – Кыргыз эл жазуучусу. Айрым маалыматтарга караганда ал 1922-ж. «Койчу” деген биринчи драмалык чыгармасын жазган. Ж-дин билимге, дүйнөнү  таанып-билүүгө  болгон  өлчөмсүз кызыгуусу ж-а китеп жазууга потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү  анын адегенде эл агартуу системасында иштеп жүргөн чагында чыгарган китептеринен байкоого

Кененирээк окуу

МОЛДО БАГЫШ

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886–1937, Аксы р-ну) –  төкмө жана  жазгыч, акын. Айылдагы Асан молдодон сабак алып аны: «Асан молдо устатым, Билимине канамын. Арапча жазып арипти, Такшалып күндө  барамын  –  деп ырга кошкон. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. 1931-ж.

Кененирээк окуу

САРТБАЙ БӨЛӨКБАЙ УУЛУ

САРТБАЙ  Бөлөкбай уулу (1839  –  Талас  өрөөнү, 1919)  –  акын. Сартбай  өз доорунун күчтүү  акындарынын бири болсо да, изилдөө  алкагына  өтө  кеч кирген. Теги  –  кедей, чоң  уруусу  –  жушчу, уругу  –  кенчим, анын ичинен тагаймат  – жетигенден. Токтогул баштаган көп акын, комузчулардын устаты болуптур. Ал акын гана эмес, ар багыттагы  көркөм өнөрдүн ээси болгон: ырчы, обончу, күүчү, комузчу, кыл

Кененирээк окуу

ҮМӨТААЛЫ

ҮМӨТААЛЫ  (1873–1917)  –  төкмө  акын.  Үмөтаалы Өз мезгилинде төкмө  акындардын белгилүү  өкүлдөрүнөн, кадимки  жез таңдай аталган Эсенамандын перзенти. Ал  өз чыг-лык  өмүрүндө  жоктоо, кордоо, мактоо, жар чакыруу, коштошуу, айтыш сыяктуу ар башка темадагы салттуу ырларды жараткан. Үйлөнүү үлпөтүндө кыз көрүү,

Кененирээк окуу

КАЧКЫНБАЙ АРТЫКБАЕВ

АРТЫКБАЕВ  КАЧКЫНБАЙ (1934-ж. Москва р-ну) Кыргыз Респ. Мамл. сыйл. лауреаты, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Респ. маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал кыргыз адабий илиминин көп сандаган приоритеттүү багыттары б-ча изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ил. макалаларындагы, китептериндеги адабий процесске, көркөм чыгармаларга жүргүзгөн талдоолору, ойлорунун

Кененирээк окуу

ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ

ЖЕҢИЖОК (Өз аты-жөнү – Көкө  уулу Өтө; 1918)  – ырчы, төкмө  акын. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын  үйүндө  чоңойгон. Кийин ооруганда болуштун буйругу  м-н куулуп, Аксыдагы оокаттуу таякелерине барып, ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Аксыдан Нурмолдодон таалим алып, сабатын жойгон. Акын Кыргызстан

Кененирээк окуу

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир

Кененирээк окуу

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

САЯКБАЙ  Каралаев (1894, Тоң  р-ну, 1971, Фрунзе)  –  20-кылымдагы улуу манасчы, Кырг. ССРинин эл арт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң  энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыг-лыктын. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.  Манасчы өзүнүн  ай-туучулук талантынын ачылышы түш көрүү менен байланыштырган.

Кененирээк окуу

ЭШМАМБЕТ БАЙСЕЙИТ УУЛУ

ЭШМАМБЕТ Байсейит уулу (1866, Талас өрөөнү – 1929) – төкмө акын. Анын устаты Токтогул болгон. Бир күнү уктум элдерден, Булбулдун анык кабарын. Беш-Ташка Током келиптир, Бейиштей кылып кабагын. Бейпилдүү акын жан экен, Берилип уктум сабагын. Ошондон баштап бир болуп, Оң-солго

Кененирээк окуу