Search Results for: Кан

ЫСАК ШАЙБЕКОВ

ШАЙБЕКОВ ЫСАК  (1880–1957, Кемин р-ну). Кичинесинен эле ата-энеден ажырап, жетимдиктин тору моюндап, оор турмуштун запкысын башынан өткөргөн. Эс тартып, кол арага жараган күндөн баштап, ар кимдин малын багып, эгинин оруп жан сактоонун түйшүктүү  жолуна түшөт. Мына ушул кайгылуу турмуштун азаптуу издери Шайбековдун

Кененирээк окуу

ШААБАЙ АЗИЗ УУЛУ

ШААБАЙ Азиз уулу (1927-ж. т., Ак-Суу р-ну) – манасчы. Ш. белгилүү манасчы Чоюкенин бир тууганы Азиздин уулу. Кезегинде Азиз да «Манас» айткан. Бирок,  өзүнүн бул  өнөрүн уулунун улантып  кетээрине көзү  жеткен соң, манасчылыкты уулуна  өткөрүп берип,  өзү  эпос айтууну токтоткон. Шаабайдын эпоско болгон кызыгуусу 7 жашында башталган.

Кененирээк окуу

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Замирбек (1951-ж. т., Бишкек) – төкмө акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы  мамлекеттик сыйлыгынын  лауреаты. Атасы айтылуу төкмө Алымкулдун, үйүнө кыргызга белгилүү эл шайырлары барып турушкан. Үсөнбаевдин айтуусунда апасы Назым дагы Беркимбай деген сөзмөр, ырчы, чечендиги бар кишинин кызы, белгилүү  кошокчу болгон.

Кененирээк окуу

АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Алымкул  (1896, Талас  өрөөнү –  1963, Бишкек)  –  төкмө  акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Ал 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган. Анын алгачкы ырлары көбүнесе элдик жана  өзүнүн жеке турмуш абалына, махабат темасына арнап чыгарган

Кененирээк окуу

ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ

ҮМӨТАЛИЕВ  Темиркул (1908, Аксы району  –  1991, Бишкек ш.)  –  кыргыз эл акыны.  Үмөталиев өзүнүн жазуучулук шыгын негизинен адабияттын бир гана жанры поэзияга арнап, ушул тарамда жарым кылымдан ашуун  үзүрлүү  эмгектенди. Акындын бардык ырлар жыйнагындагы башкы идеялык-тематикалык багытын жаңы түзүлүштүн күрдөөлдүү жаңылыктарын, эмгектин шаңын даңазалоо түзөт. Сүйүү  жөнүндөгү  болсун, Ата

Кененирээк окуу

ЧОЮКЕ ӨМҮР УУЛУ

ЧОЮКЕ Өмүр уулу (1863, Каракол уездинин Түргөн болушу, Түргөн айылы — 1925, ошол эле жер) — манасчы. Арык уруусунан. Саякбайдын устаты. Манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана анын чоролорунун мекенин көрөм деп 1900-жылдары Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан.

Кененирээк окуу

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

Юнусалиев Б.М. 1913-жылы 6-октябрда Чуй областына караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында тѳрѳлгѳн.1970-жылы 18-февралда каза болгон. Кыргыз совет тилчиси,турколог, «Манасты”изилдѳѳчү,коомдук ишмер. Кыргы ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдернин доктору (1954),профессор (1954),Кыргыз ССРнин илимге эмгек синирген ишмери (1963). 1938-жылдан КПСС мучѳсү. 1933-1935 Кыргыз

Кененирээк окуу

САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН

Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган.

Кененирээк окуу