Search Results for: Кан

АКУНКАН

АКУНКАН — каарман, Оогандын каны, Айчүрөктүн атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас катаган, тейитти чаап кеткен, оогандын каны Түлкү менен урушуп, жеңип алганда, иниси А-дын адамгерчилигин жактырып калат. А. да Манастын баатырдыгына, айкөлдүгүнө чексиз ыраазы болуп, бел куда болууну сунуш кылат.

Кененирээк окуу

АЙДАРКАН

АЙДАРКАН — каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны

Кененирээк окуу

АЗИЗКАН

АЗИЗКАН — эпизоддук кейипкер, кытайдын башкы кандарынын бири, Алмамбеттин атасы (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Эпосто А. негизинен Алмамбеттин төрөлүшүнө жана кытайдан кетишине байланыштуу окуяларда эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча А-дын алтымыш аялы болсо да жетимишке чыкканча балалуу болбойт. Бир туугандары

Кененирээк окуу

АЖАЙЫПКАНА

АЖАЙЫПКАНА (арабча «эджайеб» — укмуштуу, иранча «хана» — үй) — ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Анжыянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы «падышалык салтанат үчүн багылган» түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар

Кененирээк окуу

КУЮШКАН

«Куюшканы кабат» (макал). Ал — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Токулган ээрди эңкейиште аттын (унаанын) моюнуна кетүүдөн сактайт. Мунун эки учу ээрдин арткы актасындагы чыгарагына бекитилет. Куюшкан да кайык, өрүм аркылуу бүткөрүлөт. Анын шөкөттөлгөн «кошундусун» төрт-алты-сегиз талаа чыгарып көркөмдөгөн зергерлер чыккан.

Кененирээк окуу

ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ

ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ, Гегелдин диалектикалык методу кеңири түшүндүргөн, «Чоң логика» («Wissenschaft logik» 1812-16) деп аталган негизги чыгармасы. Ал «Болмуш туурасында илим», «Маңыз туурасында илим», «Түшүнүк туурасында илим» деген үч бөлүктөн турат. Гегель 1831-жылы анын 2- басылышын басууга даярдай баштап, толук кайра

Кененирээк окуу

КАПКАН

«Күмүш жаак капканың, Күндө күмүш тапканым» (Эл ыры). Бул — аңчылык куралы. Карышкыр, илбирс, аюу, кулжа, теке сыяктуу жапайы айбанаттардын ички мүнөздүү жагдайларына карата усталар көлөмдүү капкандарга көп узанышкан. Мындай капкандардын жаактары катуу болгондуктан, эки-үч адам араң басат. Усталар капкандарды

Кененирээк окуу

КАНАТ ЧИЙ

«Килем көчөт» келтирип, чырмак салган чийне («Манас»). Бул чырмалган же эндей чийден токулган боз үйдүн сыртынан калануучу жабуу. Анын узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги чыгдан (ашкана) чийдей келет. Эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына

Кененирээк окуу

АЛА БАКАН

АЛА БАКАН (ача бакан) — «Баканды жакшы көрсөткөн, Башында майлуу сүр болот» (Осмонкул). Бул — салттуу үй буюму. Анын эки түрү бар. Төр ала бакандын түп жагы төрт бурчтуу келет да, андан өйдө төрт-беш жерден муунакталып, илгич кадалган жерлери гана

Кененирээк окуу

«КЕДЕЙКАН» тууралуу

«Кедейкан» кыргыздардын эчен жолку оош-кыйыштуу күндөрдү башынан өткөргөн узак тарыхынын опурталдуу бир учурун камтыган күчтүү эпосторунун сабында турат. Чыгарманын: «Илгери өткөн заманда кыргыз эли катуу ачарчылыкка учурап, алдуусу тентип-тербип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке

Кененирээк окуу