Метка: акын

МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ

МОЛДО НИЯЗ  Эрназар  уулу (1823, Кадамжай р-ну  –1898)  –  жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст  – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына «бий” деген  сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп

Кененирээк окуу

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну  –  1967, Бишкек)  –  акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун

Кененирээк окуу

МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛОВ

МУСУЛМАНКУЛОВ  Молдобасан (1883, Нарын  өрөөнү –  1961)  –  акын, ырчы, комузчу. Жаш кезинен ар түрдүү лирикалык ырлар чыгарып, аны  күүгө  салып, кыз оюндарда, аш-тойлордо аткарган. Ырчылык  үнүнүн (обонунун) эң мукам болушу анын эл алдында баркын ого бетер көтөргөн. Атасынын, агасынын акындык, манасчылык талантка эгедер болушу Молдобасандын акындык шыгынын

Кененирээк окуу

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936). Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү

Кененирээк окуу

НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1844–1913) –  айтыш акыны, жомокчулардын тибине кирет. Совет мезгилинде сындалып, иликтөө алганынан четтетилген ири ырчылардын катарында турат. Өз заманында жашаган акындардын көпчүлүгү менен айтышкан. Толук эмес маалымат боюнча  да алардын саны бир топ: Калмырза, Бекназар, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет,

Кененирээк окуу

ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ

  Акын Шайлобек Дүйшеев Кыргызстандын Нарын облусундагы Борбордук Теңир-Тоо койнунда, Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. 1968-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган. 1968–1970-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970–1975-жж. куруучу мекемелерде жумушчу, бетончу, Ат-Башы райондук гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1980-жылы

Кененирээк окуу

НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан,

Кененирээк окуу

БАРПЫ АЛЫКУЛОВ

АЛЫКУЛОВ Барпы (1884, Сузак р-ну – 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу  ойчул акын. Ал  он беш жашынан эл алдына ырдап чыккан. 30-жылдардын башында катуу ооруп, эки көзү жакшы көрбөй калат. Ошондон улам коомдук турмушка жалаң  ырчылык  өнөрү, нускалуу сөз күчү  м-н

Кененирээк окуу

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

ОСМОНОВ  Алыкул (1915–1950, Панфилов р-ну)  –  көрүнүктүү  кыргыз акыны. 1929–33-жылдары Фрунзе педтехникумунда окуган. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы – «Таңдагы ырлар” 1935-ж. басылып чыккан. 1937-ж. «Жылдыздуу жаштык” жана  «Чолпонстан” жыйнактары жарык көргөн. Акындын көзү тирүүсүндө мындан тышкары «Махабат” (1945), «Жаңы ырлар”, «Менин жерим

Кененирээк окуу

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ XIII–XVI кылымдардагы Алтын ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток философ акын. Чыгармаларында жер жүзүндөгү жандуу-жансыздардын чоң-кичинесине, адам турмушуна пайдасы бардыгына, жоктугуна карабай табият, тагдыр тартуулаган чабал жактарын эсепке алып:   «Куйругу жок жалы жок, Кумда туулуп, чөлдө

Кененирээк окуу