Метка: бата

АРСТАНБЕКТИН БАТАСЫ

(Жеңижокко берген бата)Ырчы балам, Жеңижок,Сенде ырчылыктын кеми жок.Улардай таңшыр убагың,Кыдыр даарып жол болсун.Ырчы болсоң сынчы бол,Зөөкүрдү чабар камчы бол,Кургак жерге тамчы бол,Дүлөйлөргө кулак бол,Чөлдүү жерге булак бол.Аргымак минген баатыр бол,Алсыздарга жакын бол.Күлүк минген күчтүү бол,Күйдүргүгө миздүү бол.Жесирлерге жөлөк бол,Жетимдерге көмөк

Кененирээк окуу

БАКАЙ АТА БАТАСЫ

Айтулуу шумкар көздүү бол,Адам таппас сөздүү бол.Байсалдуу артык үзүлбөс,Бак баштаган күчтүү бол.Балага балтыр бешик бол,Бакытка ачык эшик бол.Улууну сыйлап жетик бол,Кичүүгө өмүр кешик бол.Аккан суунун шары бол,Балбандардын алы бол.Оорулууга дары бол,Опол тоодой кары бол.Кыдыр болсун жолдошуң,Кыйың күн башта болбосун.Ыйык тут

Кененирээк окуу

КОШОЙДУН БАТАСЫ

Абакеңиз эр Кошой,Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,Жаратканга жалынып,Алакан жазды буркурап,Атпай журттун баарысы,Бата кылды чуркурап,Көп жыйылган өз ушул,Көпчүлүктүн көзүнчө,Кошойдун айткан сөзү ушул:Тилекти берсе бир Алла,Туулса мындан бир бала,Ургаачы болбой, эр болсун,Аюу болбой, шер болсун!Атышканын алсын деп,Күрөшкөнүн чалсын деп,Өлөңдүү жерди өрттөгөн,Өзүнөн

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН БАТАСЫ

«Энеси суу кыргыздын,Атасы тоо кыргыздын»,Көрдүңбү сөздүн уңгусун.Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,Аркайган тоодо өскөн эл,Кирин карда жууган эл,Киндигин музда кескен эл,Заңкайган нечен тоо менен,Салгылашып келген эл.Ак элечек арсак тоо,Жалтырак муз, аппак кар,Жамбаштап жатып көнгөн эл,Малын карга жайган эл,Кыргыз деген неткен эл,Мөңгү суусун

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА: Дасторконго берилген бата

Дасторконуң дайыма майлуу сүттүү болсун! **** Өрүш толо малың семиз болсун. Тубар малың эгиз болсун, Сойгон коюң семиз болсун. Айдан жылдан аман чыккын, Эл-журтка жаккын. Дасторкон жайган пейилиңден, Шыбага, ырыс тапкын! **** Өрүшүңөрдө мал жайласын, Казаныңарда май кайнасын. Үйүңөргө бакыт

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА: Үйлөнүп жаткан эки жашка берилген бата

Улуу бабаларбыздын үйлөнүп жаткан эки жашка берген батасы Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла. Ырысыңарга эр бала сүйгүлө, Суктанарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып, Кол кармашып жүргүлө! Эчкиңер эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун.   Ат берсе, ала берсин,

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА

Эл менен кандаш-жандаш жашаган батаны сүйлөгөндөрдү, мурда болгон, таңды аппак атырып, күлкүлөрү менен күн батырган сөз баккан касиеттүү улуу инсандар чыгарышкан. Алардын берген баталары калк арасына желе жорткон желдей тараган. Алар бара-бара элдик түбөлүктүү кенчке айланган. Ар бир «мен кыргызмын»

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА: Байыркы бата

Мал болсун! Баш болсун! Берекелүү аш болсун! Узун өмүр жаш болсун! Ики деген оору болбосун. Келе деген доочу болбосун… Баккан балээ болбосун, Жапкан жалаа болбосун! Калк ордунда болсун, Кан тактысында болсун! Кандын касабасын сактасын… Ашуусу бийик тоодон сактасын! Айкырып кирген

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы төрөлгөн балага, кыркын чыгаргандагы айтым

Жаңы төрөлгөн балага, кыркын чыгаргандагы айтым Кодогой… Кырк ашууну ашкан суу, Кырк томолонуп келген суу, Кыр таштарды кырккан суу, Кызыр атам таткан суу. Көтөр бала билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Суудай таза бол, Нурдай сулуу бол! Көтөр

Кененирээк окуу

АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы келген келинге берилген бата

Жаңы келген келинге берилген бата Кайын атаңды кандай көр, Кайын энеңди жандай көр. Айткан акыл-насаатын, Агарып аткан таңдай көр. Ичээр ашын, тамагын, Айттырбастан камдай көр, Кызмат кылып талыкпай, Урмат кылып жалыкпай, Купулга куп толо гөр. Адебиңе эритип, Акылыңа мээритип, Урпагыңа

Кененирээк окуу