Метка: кат

АЛКЫШ КАТЫ

Алкыш каты – коммерциялык эмес кызмат катынын бир түрү. Ал аткарылган жумуш же кызматташтыгы үчүн (уюмга, кызмат адамына, жарандарга) ыраазычылык билдирүү, рахмат айтуу максатында жазылган кызмат каты болуп саналат. Алкыш каты ишкананын фирмалык бланкына же атайын даярдалган кагаздарга жазылат. Анын атайы бир

Кененирээк окуу

КУТТУКТОО КАТЫ

Куттуктоо каты иш каттарынын бир түрү. Ар бир уюм, мекеме, ишкана куттуктоо катын жазат жана алат. Куттуктоо каттары башка уюм, компания, фирмалардын жетекчилерине, жалпы жамаатына расмий жана кесиптик майрамдарда, мекеменин же кызмат адамынын турмушундагы орчундуу окуяларга байланыштуу жөнөтүлөт. Ал көбүнчө почта, курьер, кээде

Кененирээк окуу

КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ

Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын бир түрү. Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык маанидеги маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык маалымат каражаттары аркылуу

Кененирээк окуу

БАШ ТАРТУУ КАТЫ

Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учурларда жооп катары берилүүчү кат. Баш тартуу катын жазууда, себебин негиздөө жана түшүндүрүү керек. Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кайрылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши

Кененирээк окуу

МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ

Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты. Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн. Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн башталат.   ҮЛГҮ:   «Акыл» акционердик коомунун төрагасына «Жаштык»

Кененирээк окуу

УСТАВ

Устав – мекеме, уюм же ишкананын ишмердик багыттарын, укуктарын, милдеттерин жана ишинин уюшулушун жөнгө салуучу, белгилөөчү эрежелердин жыйындысы. Устав мекеменин жамааты тарабынан кабыл алынат. Тиешелүү юстиция органы текшергенден кийин мекеме жетекчиси бекитет. Ар бир мекеме, уюм, ишкана менчиктүүлүгүнүн түрүнө карабай, өз ишмердигин

Кененирээк окуу

КЕПИЛДИК КАТЫ

Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкыбухгалтер.   ҮЛГҮ:   «Асыл» банктын

Кененирээк окуу

НУСКАМА

Ар кандай ишти уюштуруу, баштоо, натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу боюнча көрсөтмө берүү, иш тартибин аныктоо максатында жазылган укуктук акт нускама болот. Нускамадагы эрежелердин туура аткарылышы иштин жүрүшүнө оң таасирин тийгизет. Ал бийлик органдары тарабынан даярдалып, мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тиешелүү тармактарда, күндөлүк турмушта,

Кененирээк окуу

ӨТҮНҮЧ КАТ

Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр: – кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты; – текст; – тиркеме

Кененирээк окуу

ЖАРЛЫК

Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар тарабынан жетекчиликке

Кененирээк окуу