Метка: коом

ГРАЖДАНДЫК КООМ

ГРАЖДАНДЫК КООМ – 1) коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий  чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес структураларды камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир  тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы; 2) мамлекеттик эмес – экономикалык, саясий, социалдык, үй-бүлөлүк, улуттук,  руханий, диндик, үрп-адаттык ж. б.

Кененирээк окуу

КООМ  ТУРМУШУ (ЖЕ СОЦИОФИЛОСОФИЯ)

Адам турмушу — коом турмушу. Коомду адам түзөт, ошол эле учурда адамдын өзү коомдон тыш жашай албайт. Бирок экөө эки башка түшүнүк. «Коом» деген сөздү кеңири урунабыз жана анын бир нече мааниси бар экенин жакшы билебиз. Биринчи кезекте, «коом» дегенде

Кененирээк окуу

АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМ

АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМ — структурасы адамдар жамаатынын общиналык ж-а кандаш- туугандык формадагы алакалар м-н мүнөздөлгөн алгачкы (же архаикалык) коомдук-экономикалык формация; алгачкы адамдар жаралган мезгилден тартып мамлекет пайда болгон учурга чейинки (б. з. ч. 6-5 миң жылдык) доорду өз кучагына камтыйт.

Кененирээк окуу

ЖАЗЫК УКУГУ

Кылмыш деген эмне?   Кылмыштардын түрлөрү. Инсанга каршы кылмыштар. Мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар. Жаза жана анын максаты. Айып төлөм. Үч айып.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу

УКУК ТАРМАКТАРЫ БОЮНЧА ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК

Укук коомдогу боло турган бардык мамилелерди, башкача айтканда жарандардын, мамлекеттик органдардын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин бири-бири менен болгон же өз ара мамилелерин жөнгө салып турарын билдик. Ал мамилелердин түрлөрү көп болгондуктан, өзгөчөлүктөрү боюнча тармактарга бөлүнүп, тартипке келтирилип, укук тармактары түзүлөт.  

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК. БИЙЛИКТИ БӨЛҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 3-4-пункттарында Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы, эл өз бийлигин түздөнтүз, ошондой эле мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт деп көрсөтүлгөн.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, укуктук, унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Республикабыздын негизинин бул башкы аныктамасын кандай деп түшүнүү керек.   Рефератты көчүрүү

Кененирээк окуу