Метка: Манас

АК ОРДО

АК ОРДО — борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма

Кененирээк окуу

АК

АК — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга

Кененирээк окуу

АЖО

АЖО- Ажа (моңголчо ажа — ата) — Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдарындагы башкаруучусу. Ал уйгур кагандыгынын борбору, Орхон дарыясынын боюндагы Орду-Балык (ХараБалгас) шаарына жүз миң аскери менен барган. Кытай авторунун маалыматы боюнча уйгур ханынын сарайын талкалоого өзү катышкан. 847-ж. дүйнөдөн кайткан. Андан

Кененирээк окуу

АЛГАРА

АЛГАРА — Коңурбайдын тулпары. Эпостун бардык варианттарында кытайдын башкы баатыры, кол башчынын тулпары катары кеңири сыпатталат. Жусуп Мамайдын вариантында А., Манастын Аккуласы, Жолойдун Ачбууданы Чыңгыш аттуу какандын менчик бээсинен туулат. Коңурбай эпикалык душмандардын айла-амалдуусу жана эң коркунучтуусу. Эпостогу негизги оң,

Кененирээк окуу

АКОЛПОК

АКОЛПОК — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый

Кененирээк окуу

«АЙЧҮРӨК» ОПЕРАСЫ

«АЙЧҮРӨК» — кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган     баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач

Кененирээк окуу

АЖАЙЫПКАНА

АЖАЙЫПКАНА (арабча «эджайеб» — укмуштуу, иранча «хана» — үй) — ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Анжыянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы «падышалык салтанат үчүн багылган» түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар

Кененирээк окуу

АЛБАРС

АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо- жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш

Кененирээк окуу

АКМАТ ТОКТОГУЛ УУЛУ

АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн району, Кош-Этер айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон; ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат; «Манас» айтууну

Кененирээк окуу

АЙЧҮРӨК

АЙЧҮРӨК — үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар А-түн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат А. катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо

Кененирээк окуу