Метка: саясат

КОНДОМИНИУМ

КОНДОМИНИУМ (лат. соndominium < соn – бирге + dominium – ээлик кылуу) – кош суверендүүлүк, бир аймакты эки  же андан көп мамлекеттин биргелешип башкаруусу. Көп учурда аймактык конфликттин толук эмес чечилишинин  натыйжасында пайда болот. Бирок кийинчерээк бирдиктүү суверендүүлүк орнойт. К-дун

Кененирээк окуу

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – ар кандай мамлекетте калктын улуттук составын эске алуунун негизинде иш кагаздарын  жана сот иштерин алып барууда, мектептерде окутууда, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, басма сөздө ж. б.  коомдук иштерде колдонулуучу тил. Демократмялык мамлекеттерде М. т. башка улуттук тилдердин

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ ПРОЦЕСС

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ ПРОЦЕСС. Учурдагы татаал саясий процесстерге мүнөздөмө берүү, баа берүү,  кыргыз коомчулугу тарабынан ар түрдүү, көп учурларда карама-каршы ой-пикирлерди пайда кылууда. Саясий  аморализм саясий турмуштан өз ордун таап, калыптана башташы – өлкөдөгү демократиялык өзгөрүү-лөрдүн башкы  белгилеринин бири. Коомдук пикирди

Кененирээк окуу

КУРМАНЖАН ДАТКА

КУРМАНЖАН ДАТКА, К у р м а н- ж а н Маматбай кызы (1811–1907) – алайлык кыргыздардын башкаруучусу. «Алай  канышасы» деген ат менен белгилүү. Оштун аймагын жердеген (азыркы Карасуу, Мады кыштагы) муңгуш уруусунун  баргы уругунан чыккан. Кудалап барган биринчи «күйөөсү»

Кененирээк окуу

КОНВЕНЦИОНАЛИЗМ

КОНВЕНЦИОНАЛИЗМ (лат. con-ventio – макулдашуу, келишим) – философиядагы субъективдүү идеалисттик багыт.  К-дин негиздөөчүсү А. Пуанкаре. Оксфорддук сөздүккө ылайык: 1) конвенционалдуу (өз ара кабыл алууга боло турган)  нерсеге карата жактоочулук же ымалага келишүүчүлүк, конвенционалдуу салттарды жана жүрүм-турум эрежелерин  сактоо тенденциясы; 2)

Кененирээк окуу

МАМЛЕКЕТТИК КООПСУЗДУК ОРГАНДАРЫ

МАМЛЕКЕТТИК КООПСУЗДУК ОРГАНДАРЫ мамлекеттик бийликтин административдик аткаруучу жана буйрук  берүүчү институттары; жашап жаткан коомдук-саясий түзүлүштүн, коопсуздугун камсыз кылууга чакырылган.  Мамлекеттик коопсуздук деп өлкөнүн ички жана эл аралык коопсуздугун камсыз кылууга, жашап турган мамлекеттик  жана коомдук-саясий түзүлүштү сактоого, адам укугун коргоого

Кененирээк окуу

КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ

КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ С. Д. П. Кыргыз Республикасындагы саясий  партиялардын бири. Уюштуруу съезди 1993-ж. 25-сентябрда болгон. Мамлекеттик каттооодон 1993-ж. 19-октябрда  өткөн. СДПнын негизги максаттары – республикада социалисттик жана капиталисттик системалардын жакшы жактарын  пайдаланууга негизделген жогорку жашоо деңгээли бар чыныгы демократиялык,

Кененирээк окуу

КУН

КУН – бирөө колдуу болуп өлгөн адам үчүн алына турган айып. Алгачкы жамааттык түзүлүштөн Совет бийлигине чейин  мерт тапкан адамдын тарапкерлерине өлтүргөн адамдын уруусу К. төлүп келишкен. К. алуу уруунун парзы катары  адатка айланган. Феодалдык коомдук өнүгүү улам илгерилеген сайын

Кененирээк окуу

КОМПРОМИСС

КОМПРОМИСС саясатта (лат. compromissum) – карама-каршы, түрдүү пикирлердин, багыттардын ж. б. ортосундагы өз  ара макул болуу жолу менен жетишилген келишим. Практикалык, күндөлүк аң-сезимдин деңгээлинде К. «алтын  ортолук» позиция катары кабыл алынат. Саясий контекстте К. термини биринчи жолу нидерланддык дворяндардын  ортосунда

Кененирээк окуу

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ – мамлекеттин милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга багытталган  мамлекеттик ишмердүүлүктүн формаларынын бири, мамлекеттик органдардын аткаруу ишмердүүлүгүндө  чагылдырылат. Саясий гана эмес, чарбалык жетекчиликти да алып жүрөт. М. б. органдарынын  ишмердүүлүгүнүн мазмуну мамлекеттин башкы милдет-тери жана негизги функциялары менен аныкталат.

Кененирээк окуу