Метка: саясат

ГРОЦИЙ (Гуго де Гроот)

ГРОЦИЙ (Гуго де Гроот) (1583–1645) – голландиялык юрист, социолог. Табигый укуктук теориясын жана эл аралык  илимин негиздөөчүлөрдүн бири. Г-дин ою боюнча эл аралык конфликттерди чечүүдө универсалдык моралдык нормалар  – жалпы мораль болушу зарыл. Ал төмөнкү принциптерден турган. Биринчиден, өзүн-өзү сактоого

Кененирээк окуу

ГЕГЕМОНИЯ

ГЕГЕМОНИЯ (гр. hegemonia бийлөө, башкаруу) – гегомонизм – жеке көз караштын, саясий эрежелердин,  көрсөтмөлөрдүн, саясаттын башка бирөөлөргө таңууланышы. Г. башка бирөөгө карата саясий күчтөн, таптык,  мамлекеттик башкаруучулуктун, бийлөөчүлүктүн абалы. Г. бийлик эмес, ал таасир жана башкаруунун биригип, бийликти  жүргүзүүгө айлануусу.

Кененирээк окуу

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ООН)

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ООН) – эл аралык уюм, башкы максаты – эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту  колдоо жана коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. БУУнун уставынын алгачкы долбоору 1944-ж.  август–октябрь айларында Думбартон-Окс (АКШ) конференциясында иштелип чыккан. БУУнун Уставы күчүнө кирген  24-октябрь

Кененирээк окуу

ГРАЖДАНДУУЛУК

ГРАЖДАНДУУЛУК көп жактуу түшүнүк: 1. саясий коомчулуктун ишине активдүү, аң-сезимдүү кошулуу; 2. өзүн  психологиялык жактан саясий коомчулуктун гражданини, толук мүчөсү катары сезүү; 3. Гражданиндин ролунда чыгууга  жөндөмдүүлүк жана даярдык; 4. Саясий акцияларга эркин катышуу; 5. Мамлекеттин коомдун саясий кызыкчылыгы үчүн 

Кененирээк окуу

ГЕГЕЛЬ Георг Вилгельм Фридрих Гегель

ГЕГЕЛЬ Георг Вилгельм Фридрих Гегель (1770–1831) – немец философу. «Граждандык коом» деген эмгегинде үй-бүлө  тегинен эле граждандык коом болгон түшүнүктү берет: «Үй-бүлө өзү табигый коом болуп эсептелет, анын мүчөлөрү  сүйүү, ишеним жана табигый баш ийүү менен байланышкан (пиэтет)». Түшүндүрмө. Үй-бүлө

Кененирээк окуу

БИОСАЯСАТ

БИОСАЯСАТ – саясий феномендерди изилдөөдө биологиялык түшүнүктөрдү жана ыкмаларды пайдаланууга колдонгон  концепция. Б. соцбиологиядан айырмаланып, Э. Вильсон боюнча, жүрүм-турумдун коомдук формасын изилдөөдө  эволюциялык көз караш менен карап, эскирип калган социалдык турмушту жөнгө салуучу формалары катары аларды  талкуулоодон четтеп турат. Саясий

Кененирээк окуу

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-статья) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту

Кененирээк окуу

БАЙТИК баатыр

БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги

Кененирээк окуу

БАЙ

БАЙ – кыргыз коомунун узак мезгилден бери өнүгүшүндөгү социалдык жана материалдык бөлүнүүлөрдүн бирин түшүндүрүүчү термин. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Б». термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп

Кененирээк окуу

«БАБУР-НААМА»

«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири

Кененирээк окуу