Метка: саясат

АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ

АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ – 1) адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп жана гарантияланып турган укуктар. Бул укуктар ар бир адамга төрүлгөндөн эле таандык болуп, мыйзамдык чектөөлөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз аракет кылат. Буларга – жашоо жана

Кененирээк окуу

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит (б. з. ч. 384–322) саясат проблемаларын өзүнүн эки китебинде «Саясат», «Афиндик полития» (саясат) караган. Өзүнүн саясий изилдөөлөрүндө А. адамзат коомдук турмушунда теңсиздик бар экенин делилдеп, анын негизинде кулчулук жатат деп жазган. Жаратылыш өзү бирөөн бийликчил, өкүмчүл, башкаларын бийликке

Кененирээк окуу

АГРЕССИЯ

АГРЕССИЯ (лат. agressio – кол салуу) – БУУнун Уставы тарабынан мыйзамсыз деп табылган, мамлекеттин же улуттун эркине жана аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз каранды эместигине каршы экинчи мамлекеттин куралдуу кол салуусу. А. тикелей же кыйыр түрүндө жана кошо катышуу формасында (өзүнүн

Кененирээк окуу

АНТИСЕМИТИЗМ

АНТИСЕМИТИЗМ – расисттик, улутчулдук идеологиянын бир түрү. Семит элин – еврейлерди куугунтуктоо жана жек көрүү. А. – библиялык мезгилде Жакынкы Чыгышта уруулардын, мамлекеттердин өз ара карама-каршылыктарынан улам келип чыгат. Израилдиктердин дүйнөгө тарашы менен тил, салты, адаттары менен айырмаланып, геттодо жашашкан.

Кененирээк окуу

АНТИМИЛИТАРИЗМ

АНТИМИЛИТАРИЗМ (гр. anti- каршы, militaris – согуш) – улуттук, регионалдык, дүйнөлүк масштабда, мамлекеттердин ортосундагы ички жана тышкы карама-каршылыктарды чечүүдө зордук-зомбулук жоболорун колдонууга каршы идеянын тегерегинде бириккен ар түрдүү социалдык -күчтөрдүн саясий кыймылы. Э. Роттердамский өзүнүн «Жалобы мира» трактатында, И. Кант

Кененирээк окуу

АНАРХИЗМ

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея. А. – мамлекетти эркин граждандардын ассоцияциясы менен алмаштырууну максат кылган саясий багыт. 1793-ж. анг. жазуучу У. Годвин «Исследование о политической справедливости» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген. ХIХ

Кененирээк окуу

АМАНАТ

1. кыргыздардын элдик же уруулук өкүлү, элчиси катары кандайдыр бир максат үчүн бир коңшулаш элде, урууда же мамлекетте, белгилүү бир мөөнөткө убактылуу кармалган киши. А-ка таасирдүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, урук-туугандарынан тапшырылган. А. жасалгалуу ак боз өйдө жашагандыктан «ак

Кененирээк окуу

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР. Жаңы коомдук кыймылдар, азыркы доордун глобалдык, курч маселелерин, экология, согуш жана тынчтык, жашоо сапатын чечүүдө традициялык жол менен эмес, жаңы жол табуу. ХХ к. 70-ж. Франция, ФРГда пайда болгон. Кийинчерээк Батыш Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Японияда, Австралияда, Жаңы

Кененирээк окуу

АЛЬТЕРНАТИВА

АЛЬТЕРНАТИВА (саясатта)- (фр. alternative, лат. аlter – экөөнүн бири) эки же бир нече өз ара бирин-бири танган мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда тандоо зарылчылыгынын келип чыгышы, саясатта жана саясий ишмердүүлүктө да бирин-бири танган мүмкүнчүлүктүн пайда болушу. А. тарыхый көз караштан улам келип чыккан,

Кененирээк окуу

АЛМОНД Габриэл

АЛМОНД Габриэл (1911) – америкалык саясат таануучу. Саясатты изилдөөдө функционалдык методду колдонгон. Структуралык функционализмдин негизги түшүнүктөрдү А. «Политика развивающихся регионов», 1968-ж. (Коулман менен бирге) эмгегинде иштеп чыккан. А. саясий системаны коомдогу бирине-бири көз каранды эмес топтордын биригип аракет кылуу системасы

Кененирээк окуу