Метка: саясат

ПОЛИАРХИЯ

ПОЛИАРХИЯ (гр. < роlу – көп + агсhia – бийлик) бүгүнкү күндөгү саясий илимге америкалык саясат таануучу Р. Даль  аркылуу көбүрөөк даражада демократтык идеалга туура келген, реалдуу өкүм сүргөн саясий режимдерге мүнөздөмө  берүү үчүн киргизилген түшүнүк. Р. Далдын ою боюнча,

Кененирээк окуу

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ (лат. sociolog – коомдук) – социалдык чөйрөнү жана социалдык мамилелерди теске салуу  боюнча мамлекеттин жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү; калктын турмуштук маанилүү керектөөлөрүн камсыз  кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Бул же тигил өлкөдө С. с-тын эффективдүүлүгү кандай даражада адамдын  жашоосу,

Кененирээк окуу

САЯСАТТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ

САЯСАТТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ – анын коомдук формасынан көз карандысыз. Саясий ишмердүүлүктүн  фундаменталдык негизи жана принциптери. Философия бардык саясаттын теориялык дүйнөнү таануу жана  методологиялык базиси катары чыгат. Ар бир саясатчынын алдында дүйнөгө болгон көз караш жөнүндөгү суроо турат.  Себеби, ал саясий аракеттеринин

Кененирээк окуу

ПЛУТОКРАТИЯ

ПЛУТОКРАТИЯ (гр. рlutos – байлык+kratos – бийлик, кубаттуулук) – 1) байлардын бийлиги; 2) өлкөдөгү мамлекеттик  бийлик эң бай өкүлдөрдүн кичине тобуна таандык болгон саясий түзүлүш. П. термини саясий түзүлүштүн өзгөчө  формасы катары байыркы грециялык ойчул жана жазуучу Ксенофонттун «Сократ жөнүндө

Кененирээк окуу

РИМ КЛУБУ

 «РИМ КЛУБУ» – эл аралык коомдук уюм; табият таануу, техникалык жана гуманитардык илимдердин тармагындагы  окумуштуу-адистерди, ошондой эле дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү коомдук ишмерлерди бириктирген ассоциация.  1968-ж. Римде чогулган, Италиялык экономист жана коомдук ишмер А. Печчеи (1908–1984-ж.) баш болгон 30 батыш  окумуштууларынан

Кененирээк окуу

ПАТРИОТИЗМ

ПАТРИОТИЗМ (гр. раtriotes – мекендеш < раtris – Атамекен) – Ата мекенди сүйүү жана ага берилгендикти  чагылдыруучу идея, сезим, иш-аракет. Мекенинин ички турмушунун бардык тармагында ийгиликке жетишүүсүнө, эл  аралык аренада кадыр-баркынын бекемделишине жана кубаттуулугунун өсүшүнө көмөк берет. П. кылымдар бою

Кененирээк окуу

СОГУШТУК САЯСАТ

СОГУШТУК САЯСАТ – мамлекеттердин, партиялардын, жана башка социалдык-саясий институттардын жалпы  саясатынын составдык бөлүгү; белгилүү саясий максатка жетүү үчүн куралдуу зордук-зомбулук каражаттарын түзүү  жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан. Саясий ишмердүүлүктүн өз алдынча жана өзгөчө түрү катары ХVIII–  ХIХ к. чегинде бөлүнүп

Кененирээк окуу

РЕФОРМА

РЕФОРМА (саясий, социалдык) – коомдун саясий системасынын негизин түп-тамырынан эмес, айрым гана  элементтерин өзгөртүүчү саясий аракеттердин жыйындысы. Узак убакыт бою Р. марксисттер тарабынан революцияга  каршы коюлган. ХХ к. тажрыйбасы мындай каршы коюунун туура эместигин көрсөттү. Революция коомдо пайда болгон  проблемалардын

Кененирээк окуу

ПАТЕРНАЛИЗМ

ПАТЕРНАЛИЗМ, с а я с а т т а (лат. paternus – аталык) «аталык камкордуктун», кайрымдуулуктун саясаты,  идеологиясы. «Адамзат мамилелеринин» теорияларынын негизинде Америкада, Батыш Европанын өнүккөн  өлкөлөрүндө, Японияда ишке ашырылат. П. XX к. 20-ж. АКШда «социалдык партнерчулук» жана «социалдык  дүйнөнүн»

Кененирээк окуу

САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР

САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР (лат. interest – мааниси бар, олуттуу) – социалдык субъекттердин (индивиддер, топтор,  катмарлар, таптар) коомдун саясий турмушуна катышууга өздөрүнүн объективдүү мүмкүнчүлүктөрүн аңдап билүүсү;  өздөрүнөн абалын турукташтыруу же жакшыртуу максатында ушул субъекттердин саясий-башкаруу ишмердигине карай  идеалдуу умтулуусу. С. к. бир

Кененирээк окуу