Метка: философия

ЗАТТАШТЫРУУ

ЗАТТАШТЫРУУ (Овеществление) — товарды өндүрүүгө ж-а социалдык мамилелерди жеке мамилелерден буюмдук мамилелерге айландыруунун тарыхый өзгөрмөлүү формасы. Мында адам даяр ролду аткаруучуга, буюмдарды өндүрүүнүн каражатына айланат, адамдын ишмердүүлүгү ага үстөмдүк кылган шарттардан көз каранды болуп калат ж-а чыгармачыл эмес функцияларды аткаруу

Кененирээк окуу

ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ

ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ (кризистин теориясы) — евангелиелик теологиядагы 20-к-дын 20-30- жылдарда пайда болгон агым; өзүнүн келип чыгуусу ж-а теориялык жоболору б-ча экзистенциализмге абдан жакын, «диалектикалык» деген түшүнүк философиялык мазмунга толук каныккан эмес, ал адамдын өзүнө карама-каршы турган суверендүү кудай м-н пикир

Кененирээк окуу

БАШКА БОЛМУШ

БАШКА БОЛМУШ (Инобытие) (нем. Anderssein — башкадагы болмуш, башкача болмуш, башка формадагы болмуш) — Гегелдин диалектикасында карама-каршы формага, жаңы сапаттык абалга өтүп жаткан учурду чагылдырган категория; негизинен идеянын жаратылыштагы сезимдик нерселерге айлануусу м-н байланыштуу абсолюттуу идеянын өнүгүшүндөгү белгилүү бир этап катары

Кененирээк окуу

ДЕФИНИЦИЯ

ДЕФИНИЦИЯ (лат. definitio — чектөө) — түшүнүктү аныктоо, түшүнүктүн белгилерине, б. а. түшүнүктүн мазмунуна токтолуу м-н анын маани-маңызын ачуу (кара, Түшүнүк, Предикат). Эмпирикалык предметтердин түшүнүктөрү өтө көп сандагы белгилерге ээ болгондуктан, алардын Д-сы маанилүү белгилерди баса белгилөө м-н гана чектелет

Кененирээк окуу

БАКЫТ

БАКЫТ — адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, маанилүү, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаттары ишке ашып, басып өткөн жолуна, турмушуна алымсынуу абалын билгизген моралдык — философиялык түшүнүк. Б-тын маанисине туура түшүнүү адамдын өмүрүнүн мазмуну м-н максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон,

Кененирээк окуу

ДЕТЕРМИНИЗМ

ДЕТЕРМИНИЗМ (лат. de-termino — аныктайм) — детерминациянын объективдүү процесси ж-а детерминациянын объективдүү процесси тууралуу окуу катары түшүндүрүлөт. Д. — табигый, коомдук ж-а психикалык нерселер м-н кубулуштардын кандайдыр бир себеп тарабынан себептүү аныкталгандыгы тууралуу окуу. Мындай себеп катары теологиялык Д. Кудайды,

Кененирээк окуу

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ б. з. ч. 4-к мамлекетинин түзүлүшү м-н жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик ж-а рим — византиялык доорлор (б. з. ч. 332 — б. з. 642) да эсептелген.

Кененирээк окуу

ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ

ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ — Демокрит болмуш ж-а болмуш эмессыяктуу эки башат жашайт деп белгилеген. Ал сезимдик тажрыйбага таянуу м-н нерселер да (болмуш), мейкиндик да (боштук, болмуш эмес) жашайт деген. Боштук бир нерсени экинчисинен ажыртып турат. Бул болсо элеаттар баса көрсөткөндөй болмуш

Кененирээк окуу

АРИСТОТЕЛЬ

АРИСТОТЕЛЬ Стагирит (б. з. ч. 384-322) — байыркы грек элинин улуу философу, энциклопедист, перипатетикчилердин мектебин негиздөөчү. А-дин окуусунда жеке илимдер философиялык өңүттө түшүндүрүлгөн, илимий билимдерге классификация берилген. Анын философиялык системасын жалпысынан логика ж-а метафизика түзгөн. А. тарабынан түзүлгөн ж-а «аналитика»

Кененирээк окуу

ДЕКАРТ Декарт Рене

ДЕКАРТ Декарт Рене (1596-1650) (лат. аты Картезий) — француз философу, философиялык рационализмдин көрүнүктүү өкүлү. Эски ак сөөк тукумунан чыккан. Билимди иезуит мектебинен алып, Отуз жылдык согуштун башталышында армияда кызмат өтөгөн, 1621-жылдан тартып бир нече жылга созулган саякаттарды жасаган. 1629-жылдан Нидерландияда

Кененирээк окуу