Метка: уулу

АКМАТ ТОКТОГУЛ УУЛУ

АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн району, Кош-Этер айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон; ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат; «Манас» айтууну

Кененирээк окуу

ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ) КӨКӨ УУЛУ

Эл арасында «Жел жетпеген Жеңижок, айтышаарга теңи жок» — делип, кезинде, атагы Аксы, Таластан тартып Көл башына чейин дүңгүроп турган орошон таланттын ээси, опсуз чоң акын Өтө Көкө уулунун акындар поэзиясындагы алган орду — төрдө. Жалпы эле элдик поэзиябыздын тарыхында

Кененирээк окуу

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛА УУЛУ

Кыргыз ырчылар поэзиясында учкул ойлуу, акылга канык асыл сөздөрдөн ыр токуп адамзат генийинен гана жаралчу кундуу чыгармалары менен акындар поэзиясынын классикалык доорун түзгөн ондогон залкар таланттардын өткөндүгү маалым. Төкмөлүк өнөрүбүздө ырчылык менен «манасчылыкты» жупташтыра билген Балык, Сагымбай, Найманбайдай; негизинен ырчылык

Кененирээк окуу

ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ

ЫБЫРАЙЫМ  Абдыракман уулу (1888, азыркы Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1967, Ат-Башы району, Пограничник айылы) — манасчы, белгилүү «Манас» жыйноочу жана фольклорчу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948). 1905-ж. Караколдогу «Жаңы тартип» мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Алматы, Фрунзе шаарында мугалимдик курста

Кененирээк окуу

ТЫНЫБЕК ЖАПЫЙ УУЛУ

ТЫНЫБЕК Жапый уулу (1846, Жетөгүз району  – 1902) – манасчы. Тыныбектин  өмүр жолу жөнүндө  так, кеңири маалыматтар аз. Манасчынын  өз небереси Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелип жүрөт.

Кененирээк окуу

ЭШМАМБЕТ БАЙСЕЙИТ УУЛУ

ЭШМАМБЕТ Байсейит уулу (1866, Талас өрөөнү – 1929) – төкмө акын. Анын устаты Токтогул болгон. Бир күнү уктум элдерден, Булбулдун анык кабарын. Беш-Ташка Током келиптир, Бейиштей кылып кабагын. Бейпилдүү акын жан экен, Берилип уктум сабагын. Ошондон баштап бир болуп, Оң-солго

Кененирээк окуу

АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

БУЙЛАШ уулу Арстанбек (1824–1878, Ысыккөл өрөөнү) – кыргыздын залкар төкмө акыны ж-а ойчулу, чоң комузчу, күүчү ж-а обончу. «Замана” агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага «булбул” деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бий болгон. Бирок анын

Кененирээк окуу

ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ

ЖЕҢИЖОК (Өз аты-жөнү – Көкө  уулу Өтө; 1918)  – ырчы, төкмө  акын. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын  үйүндө  чоңойгон. Кийин ооруганда болуштун буйругу  м-н куулуп, Аксыдагы оокаттуу таякелерине барып, ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Аксыдан Нурмолдодон таалим алып, сабатын жойгон. Акын Кыргызстан

Кененирээк окуу

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу

Кененирээк окуу

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн.

Кененирээк окуу